Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Бостеридеги өлүм: милицияга көө жапкан кайдыгерлик


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн Бостери айылына эс алууга барган Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө байланыштуу беш милиция кызматкери камакка алынды.

Адегенде Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун үч кызматкери 21-августта кармалып, Ысык-Көл райондук соту аларды эки айга камакка алган.

23-августта дагы эки милиция кызматкери кармалганы маалым болду.

Беш кызматкерге тең Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.

"Жайкы туристтик мезгилде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды", - деп билдирди Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.

Бекбол Аманкулов Бостери айылында 6-августка караган түнү көл жээгинде каза болгон. Маркумдун туугандары ал ур-токмоктон мерт болгонун, милиция анын өлүмүн талма оорусуна байланыштырганга аракет кылып жатканын айтып чыгышкан.

Көп өтпөй бул окуянын териштирилишин президент Садыр Жапаров көзөмөлүнө алган.

Күбөлөрдөн башталган тергөө

ИИМ ишти иликтөө үчүн тергөө тобун түзүп, 14-августта Бекбол Аманкулов киши колдуу болгон деген жыйынтыкка келип, анын өлүмүнө шектүү төрт адамды кармаган.

Маркумдун жакын тууганы Эрамир Малик уулу учурда тергөө өз нугунда жүрүп жатканын айтып, милиция күбөлөрдү издеп, айрымдарын тапканын айтып берди.

"Бүгүн Ысык-Көлдөн келдик, иш жакшы жүрүп жатат. Окуяны көрүп туруп жардам бербеген милиция кызматкерлеринин жоопко тартылышын талап кылам. Азыр тергөөдө күбөлөр суралууда. Өткөндө күбөлөрдүн саны 44кө жеткен. Азыр дагы көбөйдү. Биз негизги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Жыйынтыгы чыкса дагы көп нерсе белгилүү болот да. Мен окуя катталганда жалган маалымат тараткан кызматкерлер дагы жоопкерчиликке тартылышын талап кылып жатам", - деди ал.

Милициянын Аманкуловдун өлүмүнө байланыштуу окуяны башында "өз ажалынан өлдү" деп жашыруу аракети нааразылык пайда кылган.

Ички иштер министринин кеңешчиси, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров Бостеридеги окуялардын негизинде кармалган кызматкерлер ички иштер органдарында реформа акырындан жүрүп жатканынан кабар берет деди.

"Учурда Ички иштер министрлиги ички тазалоону айдан-ачык айтып чыгуусу - бул жакшы нерсе. Ырас, мындай иштерге жол бербеш керек эле. Бирок ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылып атпайбы. Бостеридеги окуя милиция кызматкерлерин кармап коюу менен бүтпөйт. Уюштуруу иштериндеги кетирген кемчиликтер, башка дагы жагдайлар каралат да. Бирок мен мындан трагедия кылбайт элем. Бостеридеги кызматкерлердин кармалганы - бул тазалануу аракети гана деп айта алам", - деди Мамыров.

Жактоочу Шердор Абдыкапаров мындай иштерди тажрыйбасы жок кызматкерлердин кетирген кемчилиги менен байланыштырды.

"Бостеридеги окуяда биринчи маалыматта "өз ажалынан өлдү" деп беришпедиби. Негизи бизде адам өлтүрүү болгон жерге райондук милициянын башчысы, анын орун басары, ал гана эмес прокурорлор дагы барышы керек болчу. Бул жерде кандай болду? 102ге маалымат келип түштү, ыкчам топ барды. Баары жаш балдар. Акыркы убакта ушундай мүчүлүштүктөр кызматкерлердин тажрыйбасынын жоктугунан көп болуп жатат. Бул окуяда деле балдар барып, айланадагылардан сурады, алар "тилин жутуп алды" деп койгондур. Анан жаш кызматкерлер ошого ишенип, ушундай маалыматтар тарап кеткен болушу мүмкүн".

ИИМдин коомдук кеңешинин мурдагы төрагасы Толкунбек Исаков ички иштер органдарында кадр маселеси өтө курч экенин белгиледи.

"Болуп жаткан туура эмес иштерди талдасак, буга бир нече себеп бар. Алардын бири - кадр маселеси. Демек, толук кандуу ишбилги, билимдүү кадрлардын жетишсиз, жыйынтыгы ушундай болуп жатат. Экинчиден, буга толук кандуу укуктук баа берилип, бул кызматкерлер жоопко тартылышы керек. Ошону коомчулук билиши зарыл. Албетте, өздүк курамга дагы айтылса, ошондо гана жыйынтык болот деп ойлойм. Бүгүнкү күндө ИИМдин жетекчилигинин чечимдери жер-жерлерде толук аткарылбай жатат. Кызматкерлердин билимине, тарбиясына, жүрүм-турумуна, калкка болгон мамилесине кылдат мамиле кылса, милициянын катары түздөлүп, оңолот деп ойлойм. Милиция деген деле космостон келген орган эмес. Өзүбүздүн эле балдар-кыздарыбыз иштейт".

Кыргызстанда милицияны реформалоо сунушу 10 жылдан бери айтылып келет. Бирок майнап чыкпай орган кызматкерлери өздөрү кылмышка аралашкан учурлар катталган.

Алсак, 17-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте милиция кызматкерлеринин тобу кармалганын жарыялып, алар "синтетикалык маңзат соодасындагы кылмышты жашырып, туруктуу акча алып турганын" билдирген.

Атайын кызматтын кабарлашынча, ички иштер органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, милиция кызматкерлери синтетикалык маңзатты өзү колдонуу үчүн сатып алган адамдарды аныктап, аларды кармаган учурду телефонго тартып, камайбыз деп опузалап, акча алып жүрүшкөн.

"Коркутуунун жана психологиялык басымдын астында милиция кызматкерлерине жыйырма миң сомдон беш миң долларга чейин берүүгө мажбур болушкан. Тергеп-иликтөөдө соңку эки жылда ушундай 200дөн ашык окуя тууралуу маалымат алынды", - деп билдирген УКМК.

Ички иштер министри (ИИМ) Улан Ниязбеков 21-августта өлкөдө коопсуздукту камсыздоо боюнча онлайн кеңешмеде айрым жетекчилер кызматтан алынганын айткан

“Бул акыркы чечим эмес. Анткени буга чейин болуп өткөн коллегияларда, аппараттык кеңешмелерде “эл үчүн таза иштегиле, өздүк курамга катуу көңүл бургула” деген бир катар тапшырмаларды бергенбиз. Жакын арада ушуга окшогон дагы бир топ чечимдерди кабыл алып, мындан да катаал чараларды көрөбүз”, - деди Ниязбеков.

Мунун алдында маңзат соодасына шек саналып камалган милиция кызматкерлерине байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев баштаган бир нече жетекчилер кызматтан алынып, ондон ашык милиционер жазаланганы белгилүү болгон.

Маңзат ишине байланыштуу Чүй облусунда дагы үч милиция кызматкери кармалганы 22-августта маалым болгон.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Орусиянын жараны милиция кызматкерлери жана дагы бир адам 20-апрелде Бишкекте кафелердин биринде ага “гашиш” делген баңгизатын сала коюп, кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 315 миң сом алганын айтып арыз жазган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

ИИМ ички иштер органдарында мыйзамды бузгандарды, милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды аныктоо иштери жүрүп жатканын маалымдаган.

  • 16x9 Image

    Айсалкын Качкынбекова

    Айсалкын Качкынбекова "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, 2016-жылы Эл аралык Кувейт университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG