Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Бишкекте бир адамдын үйүнөн 40 тонна таштанды чыгарылды


Жеке үйдүн ичиндеги таштандыны чыгаруу учуру. Мэрия тараткан сүрөт.
Жеке үйдүн ичиндеги таштандыны чыгаруу учуру. Мэрия тараткан сүрөт.

Бишкек шаарында тиричилик калдыктарын көп убакыт сактап келаткан жеке үйдүн ээсине чара көрүлүп, үйүнөн таштандылар чыгарылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, тургундун коңшулары анын үйүнөн адам чыдагыс жыт чыгып жатканын айтып, Свердлов райондук администрациясына кайрылышкан. Маселени чечүү үчүн үйдүн ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан майнап чыккан эмес.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында комиссия жерине барды. Ага Свердлов районунун акимиатынын, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын, Муниципалдык инспекциянын, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жана №18 муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү катышты.

Жыйынтыгында шаардык кызматтар Суворов көчөсүндөгү №77 жеке үйдүн аймагынан 40 тоннага жакын тиричилик таштандылары чыгарышты.

Үй ээси менен Бишкек шаарын көрктөндүрүү боюнча санитардык нормаларды жана эрежелерди бузууга жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. (ErN)

XS
SM
MD
LG