Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Орусиянын Краснодар аймагына дрондон сокку урулду, жараат алгандар бар


Ильский мунайды кайра иштетүү заводу дрон чабуулунан кийин. Архив сүрөт.
Ильский мунайды кайра иштетүү заводу дрон чабуулунан кийин. Архив сүрөт.

Орусиянын Краснодар крайында дрон чабуулунан эки киши жабыркаганын, анын бири бала экенин аймак губернатору Вениамин Кондратьев Телеграм-каналына жазды.

Дрондун сыныктары Славянск-на-Кубани шаарындагы жеке турак жайга тийип, терезеси талкаланган, дагы бир тамдын чатырына тийген. Кондратьев төрт жаштагы кыз жабыркап ооруканага жеткирилгенин жазды.

Ошондой эле Ильский шаар тибиндеги айылында бир аял жабыркап, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Дрондун сыныктарынан жалпы 12 үй зыян тартканын Кондратьев кошумчалады.

ASTRA басылмасы жергиликтүү жашоочуларга таянып жазгандай, дрондор Ильскийдеги мунайды кайра иштетүүчү заводду бутага алган. Краснодар аймагындагы мындай объектилер буга чейин да дрон чабуулуна кабылып келген.

Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымда, Азов акваториясында жана Кара деңизде 90 дрон атып түшүрүлгөнүн, анын 24ү Краснодар крайынын үстүнөн талкаланганын маалымдады.

Кремль дрон чабуулдары үчүн адатта Украинаны айыптайт. Орусиянын тынымсыз соккусуна кабылып келаткан Киев комментарий бере элек.

16-февралда Орусия Украинанын Николаев облусуна "Шахед" дрону менен чабуул жасады. Андан беш көп кабаттуу үй жабыркады. Өрт чыгып, жабыркагандар бар экенин украин тарап билдирген.

Орусиянын Украинага бастырып киргенине 24-февралда туура эки жыл болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG