Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:20

Жакынкы Чыгыш: Израил ХАМАСка каршы чабуулдарын күчөттү


Газа: Израилдин операциясы уланууда, кырдаал оор
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00

Газа: Израилдин операциясы уланууда, кырдаал оор

Израил террорчуларга каршы операциясын Газа секторунун бир нече районунда улантып жатканын, БУУнун палестин качкындарына жардам агенттигинин кеңсеси тарапта көптөгөн курал-жарак табылганын билдирди. Соңку эки күндө Газада дагы ондогон кишилердин өмүрү кыйылганы маалымдалды.

Газа шаарынын чыгыш тилкесиндеги Шужая району. 27-июнда Израил аскерлери бул жерде жашагандар башка жакка чыгып кетүүсү керектигин, анткени АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобуна каршы операция алкагында чабуулдары уланарын эскерткен.

Үйүнө кайткан жергиликтүү тургундар баары урандыга айланганын айтууда:

"Биз Шужая районуна кайтып келгенибизде, баары талкаланып жатканын көрдүк. Абалды сөз менен айтып түшүндүрүү мүмкүн эмес. Үйлөрдүн баары кыйрап жатат", - деди Газанын тургуну Мохамад Наири.

Ал тапта Израил аскерлери Газа секторунун түндүгүндө, түштүгүндө жана борбордук бөлүгүндө соккуларын улантып жатканын 11-июлда Associated Press (AP) агенттиги билдирди. Агенттиктин маалыматына караганда, соңку эки күндө анклавда дагы ондогон кишилердин өмүрү кыйылды.

Израил армиясы ЦАХАЛдын бейшемби күнкү маалыматында Газа секторунун борбордук бөлүгүндө БУУнун Жакынкы Чыгышта палестин качкындарына жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттигинин (UNRWA, БАПОР) кеңсеси жакта террорчуларга каршы ыкчам аракет уланып жатат, ал жерден “көп сандагы курал-жарак, дрон, граната, жардыргыч, миномет снаряддары, ракеталар жана РПГ гранатометтору табылды” деп айтылды. Рафах шаары тарапта “ыкчам чалгын иштери” жүрүп жатканы кабарланды.

UNRWA агенттигин Израил "террорчуларга көмөктөшүүдө" деп айыптап келет. Бирок Улуттар Уюмунун бул мекемеси андай айыптоолор негизсиз экенин, бейтарап турумун карманарын билдирүүдө.

Соңку күндөрдөгү активдүүлүк АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайрадан улантуу максатында Израилдин расмийлери менен жолукканы кабарлангандан кийин байкалууда.

Израилдин чабуулдары бир нече аймакта күчөгөнүн серепчилер анын ортомчулар аркылуу сүйлөшүү жүрүп жаткан чакта ХАМАСка басым көрсөтүү аракети деп баалап жатышат.

Израил согушкерлер сектордун улам бир районуна барып топтолуп, ошол жактан соккуларын улантып жатканын айтууда.

Гуманитардык уюмдар сектордо адам укугу, тамак-аш жана медициналык жардам менен камсыз болуу жагынан көйгөй дале курч экенин белгилеп келатышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймагы боюнча директору Ханан Балхи 30-июндан 10-июлга чейин Чыгыш Иерусалимди, Иордан дарыясынын Батыш жээгин жана Газа секторун кыдырды:

"Бул сапарыбызда адамдар канчалык кыйраган абалда жашап, канчалык катуу жабыркап жатканын көрдүк… Абал тезирээк жакшырып, тынчтык орнойт деп үмүттөнөбүз. Бейтаптарга тийиштүү жардам бере баштаарыбызга, бул жердеги ар бир үй-бүлө, Газа эли татыктуу жашоосун уланта аларына үмүттөнгүм келет", - деди ал.

Атышууну токтотуу боюнча буга чейинки бардык аракеттер оңунан чыккан жок. Израил ХАМАС барымтада кармап турган адамдардын баарын бошотууну жана алардын Газада эркин жүрө алышына кепилдикти талап кылууда. Ал эми ХАМАС израилдик аскерлердин Газадан чыгып кетишин, чабуулдарды токтотушун айтып шарт коюуда.

ХАМАСтын Израилде бир күндө 1200дөй кишинин өмүрүн алган тогуз ай мурдагы чабуулунан кийин башталган согуштун айынан Газа секторунда кеминде 38 миң палестин тургуну каза тапканын анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

Анклавдын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү улам бир аймакка барып, качкын болуп жашоодо.

Эл аралык уюмдар Газа калкын ачарчылык да тооруп турганын айтууда. Согуштун айынан Израилдин дарегине палестин калкына карата геноцид жасап жатат деген айыптоолор айтылууда, өзү антип айтууга эч негиз жок экенин белгилеп, ХАМАСты жок кылмайынча өз коопсуздугуна коркунуч сакталып тура берерин айтууда.

XS
SM
MD
LG