Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Август, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Газада бир күндө 60тан ашуун өмүр кыйылды


Газа.
Газа.

Израилдин аба соккуларынан Газанын түштүгүндө жана борбордук бөлүгүндө соңку суткада дагы 60тан ашуун киши каза болгону кабарланды. Израил согушкерлер колдонуп келген туннелдер жок кылынгандан бери алар сыртта жайкын тургундар жашаган жерлерге аралашып, жашына баштаганын билдирди.

Газа секторунун борбордук бөлүгүндөгү Нусейрат лагери. Израил армиясы шейшемби күнү бул жерди да аткылады. Снаряддардын бири Махмуд Микдад жашаган үйгө тийип, эки жашар уулу Ямандын өмүрүн кыйды.

Махмуд Микдад үй-бүлөсүн алып бул жакка коопсузураак деп сектордун түштүк тилкесиндеги Хан-Юнис шаарынан качып келип, баш калкалап жашап жаткан.

Бул күнү Газанын бир нече аймагында Израилдин аба соккуларынан бир саат ичинде эле 48 киши каза тапканын сектордун АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу көзөмөлдөгөн жарандык коргоо агенттиги билдирди.

Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, жалпысынан шейшембиде сектордо 60тан ашуун өмүр кыйылды.

Абу Рамзи Хамад
Абу Рамзи Хамад

«Мен ракета учуп келип, бир чоң имаратты талкалаган учурда ошол жерден 50 метрдей аралыкта тургам. Үй кыйрап, көп киши каза болду. Бир үй-бүлөнү толук жок кылышты – аялын, күйөөсүн жана эки баласын. Жарандык администрацияда иштеген Махмуд да каза болду», - деп Газанын тургуну Абу Рамзи Хамад айтып берди.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) Нусейратта ХАМАСтын согушкерлери жашынган мектептин имаратын, Хан-Юнисте «Ислам жихады» тобунун аскердик-деңиз бөлүгүнүн командирин бутага алганын, жай тургундар каза болгону тууралуу маалымат териштирилип жатканын билдирди.

Израил тогуз айдан берки операциясы ХАМАСка, анын инфраструктурасына олуттуу зыян алып келгенин айтып, кармаш улана берерин билдирүүдө.

Премьер-министр Биньямин Нетаньяху ХАМАСка «басым күчөй турганын», анын «жогорку командирлери жана миңдеген террорчу жок кылынып жатканын» айтты.

Өлкөнүн коргоо министри Йоав Галлант ХАМАС «келечеги жок» топко айланып баратканын билдирди:

Йоав Галлант
Йоав Галлант

"Израилдин аскердик кысымы террордук уюмдун лидерлерин эми мурдагыдай башкара албай, көзөмөлдөй албай, өзүнүн керт башын сактап калуусун гана ойлоого аргасыз кылууда. ХАМАС багыты жана келечеги жок террордук топко айланып баратат”.

Израил Газанын жайкын тургундары каза болуп жатканы үчүн ХАМАСты айыптап, анын согушкерлери «эл жыш жайгашкан райондорго барып жайгашууда» деп билдирүүдө.

Ал эми Израилдин өзүндө ашынган ортодокс диний коомчулук өкүлдөрү да аскерге чакырыла баштайт деген жарыядан кийин нааразылык тутанды.

Серепчилер ансыз да согуштун айынан, барымтадагылар бошотулбай жатканынан улам бийликти айыптаган маанай жаралып турганда израил өкмөтүнө бул чечими да терс кесепет алып келиши ыктымал экенин белгилеп жатышат.

Газадагы сокку, кыйылган өмүрлөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:34 0:00


Израилде ашынган ортодокс коомчулугунун өкүлдөрү аскерге чакырылбайт деген ички саясий келишим бар. Бирок жалпы эл арасында азыркы таптагы согуш учурунда мындай жеңилдик берүү туура эмес деген нааразылык айтыла баштаган.

Өткөн дем алыш күндөрү Газада Израилдин чабуулдарынан жүзгө жакын киши каза болгонун, бул согуш башталгандан берки эң кандуу күндөрдүн бири деп эсептелерин бир нече маалымат агенттиги жазган.

Израил бул чабуулдарынын максаты ХАМАСтын башчыларынын бири Мохаммед Дейфти жок кылуу болгонун, ал жай тургундар арасында жашынууга аракет кылганын, бирок сокку чалгын маалыматтын негизинде так урулганын билдирген.

ХАМАС өзү Дейф тирүү экенин айтууда.

Израилдин соңку күндөрдөгү мындай активдүүлүгү АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайрадан улантып жатышканы кабарланган учурда болду.

Газада 2023-жылдын октябрында ХАМАС Израилге кол салгандан кийин башталган согушту токтотуу аракеттеринен жыйынтык чыга элек.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси тогуз айдан бери каза болгон палестиндер 38 миңден ашканын билдирүүдө.

Былтыркы Изарилге кол салууда бир күндө 1200дөй адамдын өмүрү кыйылып, эки жүздөн ашуун адамды согушкерлер барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары каза болгону кабарланган.

XS
SM
MD
LG