Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:43

Ноокат: ӨКМ тогуз кишинин өмүрүн алган селдин себебин атады


Сел жүргөн аймак.
Сел жүргөн аймак.

Ош облусундагы селден тогуз кишинин өмүрү кыйылганы кабарланды. 28-июндагы табигат кырсыгынын кесепетинен Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогорку тарабында калып кеткен 1000ден ашык киши коопсуз жерге чыгарылды. Ноокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

ӨКМдин соңку маалыматы

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ноокаттагы тогуз адамдын өмүрүн алган селдин себептерин изилдеп, жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Негизги себептери катары аномалдуу жамгыр, Абшыр-Ата дарыясында узак жылдардан бери чоң сел болбогондуктан жээгинде дарактардын өсүшү жана эс алуу тапчандарынын башаламан курулуусу, көмүр карьерине өтүүчү көпүрөнүн төмөн экени белгиленди.

ӨКМ изилдөөнүн жыйынтыгында кырсыктын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу максатында Ноокат райондук администрациясына бир катар сунуш берди. Анда ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү, 2018-жылы курулган көпүрөнү капиталдык оңдоо жана дарыянын жээктерин бекемдөө, таза суу түтүктөрүн калыбына келтирүү сыяктуу сунуштар камтылган.

№37 Жол тейлөө мекемесине Кулатов-Абшыр-Сай жолундагы сел калдыктарын тазалоо, көпүрөлөрдү оңдоп, бекемдөө жана Кызыл-Кыя көмүр ишканасынын Абшыр-Сай дарыясына курган көпүрөнүн ордуна атайын долбоор менен көпүрө салуу сунушталды.

Учурда Өзгөчө кырдаалар министрлиги Ноокатта сел каптаган үйлөрдү тазалап жатат.

Маалыматка ылайык, Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожоке айылында 25 турак үйдүн коро сарайларына, мектепти суу каптаган. Ноокат районундагы селден Гулистан айыл аймагында үй үйдү, төрт үйдүн короо жайын суу каптаган.

Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында, Көк-Жар айыл аймагынын Жийде, Ак-Өтөк айылындагы сел жүргөн сайларды техника менен тазалоо уланып жатат.

Ал тапта Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ноокаттагы селде каза болгондордун арасында эки казакстандык бала бар экенин билдирди. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.

Маалыматта дагы эки казакстандык жаран изделип жатканы айтылат. Эки баланын сөөгүн Казакстанга учак менен алып кетүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Селден кыйылган өмүрлөр

Ош облусунун Ноокат районундагы селден каза болгондордун саны сегиз кишиге жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) сел агызып кеткен дагы бир аял каза тапканы ырасталганын 29-июндун кечинде билдирди.

Министрлик анын аты-жөнү такталып жатканын, 28-июндагы селден каза болгондордун көбү өспүрүмдөр экенин маалымдады.

Расмий маалыматта каза тапкандар 19, 16, 13, 12, 11, 8 жашта болгону көрсөтүлгөн.

"Учурда тактоо иштери жүрүп жатат, дагы кошумча маалымат берилет", - деп билдирди ӨКМ.

Буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгы селден алты киши каза болгонун ырастаган.

Ноокаттагы сел: тоодо калган адамдар куткарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

Буга чейин ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Замирбек Эрмаматов журналисттерге маалымат берип жатып, каза болгондор 10 адам деп айткан. Бирок, көп өтпөй ӨКМ өлгөндөр тууралуу жаңылыш маалымат берип алганын билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) соңку маалыматы боюнча селден улам Абшыр-Ата эс алуу жайында калып кеткен 1300 киши коопсуз жерге чыгарылды. Мекеме баскандан кыйналган жана улгайган адамдарды тик учак менен алып келгенин билдирди.

ӨКМ куткаруу иштеринин видеосун жарыялады. Анда сууну кечип, аркан менен адамдар өтүп жатканын көрүүгө болот.

Куткарылгандар медициналык кароодон өткөрүлдү жана алардын арасында жабыркагандар жок.

29-июнда президент Садыр Жапаров Баткен, Ош облустарында селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин сайтына жазылды.

“Баткен, Ош облусундагы табият кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, сабыр тилейм. Селдин кесепетинен чырактай өмүрлөр кыйылганы туурасында кабарды кабыргабыз кайышып кабыл алдык. Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей, эс алууга чыгып, айттырбай келген кырсыктан улам тоодо камалып калган миңден ашуун жарандарыбыз куткарылды”, - деди президент.

Жапаров тийиштүү министрлик, жергиликтүү бийлик органдары убагында болгон күч аракетин жумшаганын, селдин кесепеттерин жоюу иштери уланып жатканын белгилеп, жабыркагандарга жардам көрсөтүлөрүн билдирди. Президент куткаруучуларга жардам берген жарандарга ыраазычылык айтты.

28-июндагы катуу жамгырдан улам Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолдо сел жүргөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы түн ортосунда тараткан маалыматта:

"Бүгүн 28-июнь күнү болжол менен саат 16:10 чамасында Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында нөшөр жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сел өтүүчү сайына суу түшкөн. Натыйжада бир ички чарбалык көпүрөнү, №37 ЖТИге караштуу бир көпүрөнү, 10 электр мамычаны агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген. Жети адамды сел агызып кетип, алардын бешөөнүн сөөгү табылды, эки адамды издөө иштери уланууда", - деп айтылган.

ӨКМ сел 7-8 жаштагы кызды агызып кетип, сөөгү Абшыр-Ата айылынын Үч-Терек бөлүгүнүн Абшыр-Ата сел сайынын жээгинен табылганын маалымдаган. Мындан тышкары ошол эле жерде 13 жана 15 жаштагы эки бала агып кеткенин жергиликтүү тургундар көргөн.

29-июнга караган түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Абшыр-Ата эс алуучу жайында жана Кезарт жайлоосунда жүздөгөн киши калып калгандыгы аныкталганын билдирген.

"Селдин кесепетинен улам автожолдор жараксыз абалга келгенине байланыштуу Өзгөчө кырдаал министрлигинен 60 куткаруучу Абшыр-Ата эс алуучу жайына барган учурда 500гө жакын жаран бар экендиги аныкталган. Мындан сырткары Кезарт жайлоосунда 150гө жакын жаран калып калгандыгы тууралуу болжолдуу маалымат түшкөн. Жерине айыл аймактан 10 киши атчан жөнөтүлүп, жолдон 30 адамды табышкан. Андан ары тактоо иштери улантылууда. Кезарт жайлоосуна кошумча сегиз куткаруучу жөнөп кетти", - деп айтылат расмий маалыматта.

Издеп-куткаруу иштерине Ош шаарынан, Араван жаан Кара-Суу райондорунан да куткаруучулар келди. Ишти өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов координациялоодо. Жалпы 637 куткаруучу, 19 техника тартылды.

29-июнга караган түнү ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын Алашан айылынын Найман сайына сел түшүп, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун болжол менен 65-чакырымында Найман көпүрөсүн суу каптап, автожол жол эки тараптуу жабылган.

Нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сел өтүүчү сайына суу толгон. Натыйжада сел кеминде эки көпүрөнү, 10 электр мамычасын агызып, 10 үйдүн короосуна кирген.

Н.Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожоке айылынын Алчалуу сайына сел түшүп, болжол менен 10-15 турак үйдүн короолоруна, мектепке чейинки билим берүү мекемесине суу кирди. Кара-Булак айылында сайдын жээгиндеги автоунааны агызып кеткен, Кош-Чан дарыясында ички чарбалык көпүрөнү сел алып кеткен.

Гулистан айыл аймагындагы Тажик-Кыштак айылында Чили-Сайга сел түшүп, 7-8 турак үйдүн короо сарайларына суу кирип, көпүрөнүн астына суу толуп калган.

28-июнда Ноокат районунда жүргөн сел Ош-Ноокат жолундагы көпүрөлөрдүн бирин алып кеткени тууралуу маалымат, видеолор социалдык түйүндөргө жарыяланууда.

24-июнда Баткен облусундагы Кадамжай районунун Жеңиш айылында беш жашар баланы сел агызып кетип, өмүрү кыйылган. Өткөн аптада Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы өспүрүм селге агып көз жумган.

ӨКМ 28-июндан 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын маалымдап, сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти.

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү менен кооптуу табигый процесстер төмөнкү аймактарда активдешүүсү мүмкүн:

• Жалал-Абад облусу: Аксы, Ноокен, Базар-Коргон райондору;
• Баткен облусу: Лейлек жана Кадамжай райондору;
• Ош облусу: Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Ноокат райондору.
• Чүй облусу: Кемин, Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондору.
• Ысык-Көл облусу: Ак-Суу, Тоң жана Түп райондору.
• Талас облусу: Талас, Бакай-Ата райондору.
• Нарын облусу: Нарын, Жумгал райондору.

Министрлик жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырып, аймактардагы Жарандык коргонуу кызматтарынын күч жана каражаттарын даярдыкта кармоону эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG