Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

Согуш башталганы Молдовага 23 миң украиналык мыйзамсыз кирген


Молдованын чек арачылары өлкө аймагына мыйзамсыз кирген украиналыктарды кармап жатышкан учур.
Молдованын чек арачылары өлкө аймагына мыйзамсыз кирген украиналыктарды кармап жатышкан учур.

Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканы Молдовага 23 500дөй украиналык эркек мыйзамсыз кире качкан. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун молдован кызматы билдирди.

2022-жылдын февралынан баштап өткөн жылдын соңуна чейин Молдовага 18-59 жаштагы 15 миңдей украиналык эркек мыйзамсыз кирген. Ал эми быйыл апрелде украин бийлиги майдандагы аскерлердин жетишсиздигинен мобилизация курагын 27ден 25ке ылдыйлатканы бул тенденция тездегени байкалган.

Бул жылдын алгачкы беш айында 7700дөн ашуун эркек Молдованын чек арасынан мыйзамсыз өткөн.

Молдова менен Украинанын чек арасынын узундугу 1222 чакырымды түзөт. Кишинев миңдеген украиналык качкындарга, негизинен аялдарга жана балдарга баш паанек берген.

Украинада мобилизация аракеттердин ийгиликтүү ишке ашуусуна бир топ тоскоолдуктар жаралууда. Анткени аскерге жарамдуу эркектердин көбү жашырынып жүрүшөт.

Молдованын Чек ара полициясынын башчысы Руслан Галушканын айтымында, чек арадан мыйзамсыз өтүп, баш калка сураган украиндер эч кандай жазага кабылбайт.

Мыйзамсыз өткөндөрдүн айрымдары Днестр дарыясы аркылуу чек арага чейин жеткиргендерге 10 миң доллар бергенин айтышкан.

Быйыл февралда Румыния соңку эки жыл ичинде тогуз миңдей украиналык жаран мыйзамсыз киргенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG