Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:03

Трамп Канададан ташылган болотко, алюминийге бажы төлөмдү 50% көтөрөт


АКШнын президенти Дональд Трамп.
АКШнын президенти Дональд Трамп.

Вашингтон Канаданын Онтарио провинциясы 12-марттан тарта электр энергиясына 25% тариф киргизгенине жооп катары, Канададан ташылган болот жана алюминий үчүн бажы төлөмдөрүн 50% чейин жогорулатат. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагына жазды.

Онтарио провинциясынын башчысы Даг Форд буга чейин Американын Миннесота, Мичиган жана Нью-Йорк штаттарына экспорттоло турган электр энергиясына 25% тариф киргизилгенин жарыялаган.

Анын айтымында, мунун кесепети 1,5 миллион адамга тийип, алардын электр энергиясына болгон чыгымдарын 100 долларга көбөйтөт.

Форд кошумча алынган кирешелерди АКШнын аракетинен жабыркаган жумушчулар менен ишканаларды колдоого жумшай турганын билдирген.

Трамп жакын арада Канаданын кадамынан жабыркаган АКШ штаттарында өзгөчө кырдаал жарыялай турганын айтты.

Мындан тышкары, АКШнын президенти Канададан "Америкага каршы дыйканчылык тарифтерди" жокко чыгарууну талап кылды. Аталган тарифтер ар кандай америкалык сүт азыктарына 250 пайыздан 390% чейин жетет.

Эгер Канада бул тарифтерди алып салбаса, Дональд Трамп АКШга импорттолгон унаалар үчүн бажы төлөмдөрүн кескин жогорулатууга убада берди. Анын айтымында, бул чара Канаданын автомобилдик индустриясын толугу менен жок кылат.

"Канаданы биздин 51-штатка айландыруу бул жалгыз туура чечим. Мындай учурда бардык тарифтер жана башка маселелер толугу менен жоюлат. Канадалыктардын салыктары кыйла төмөндөйт, алар мурдагыдан да көбүрөөк корголот. Түндүк чек арадагы көйгөй толугу менен жоюлат, ал эми дүйнөдөгү эң улуу жана күчтүү мамлекет мурдагыдан да чоң, мыкты жана күчтүү болот. Бул процессте Канада маанилүү ролду ойнойт", – деп билдирди Трамп.

АКШ 4-мартта Канададан келген дээрлик бардык импортко 25% бажы төлөмүн киргизген. Буга жооп катары, Канаданын ошол кездеги премьер-министри Жастин Трюдо Вашингтонго жооп иретинде бажы төлөмдөрүн киргизерин билдирген.

Канаданын жаңы премьер-министри Марк Карни анын өлкөсү эч качан АКШнын бир бөлүгүнө айланбай турганын айтып, Трампты өлкөнү жана анын ресурстарын өз көзөмөлүнө алууга аракет кылып жатат деп айыптады.


Шерине

XS
SM
MD
LG