Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

"Ымыркайлардын күнөөсү кайсы?". Рафахта бир үй-бүлөдөн 14 киши каза тапты


Абу Анза маркумдарды жерге берүү учурунда. Газа тилкеси. 3-март, 2024-жыл
Абу Анза маркумдарды жерге берүү учурунда. Газа тилкеси. 3-март, 2024-жыл

Рафахтагы түнкү трагедия

Мындан бир нече жума мурун, Газа бомбаланып, аткыланып жаткан чакта төрөлгөн эгиздер Весам менен Наим Абу Анзаны атасы менен кошо 3-мартта жерге беришти. Алар жекшембиге караган түнү Израил армиясы Рафахка сокку урганда каза тапкан 14 кишинин эң кенжеси эле. Маркумдардын бардыгы, арасында 5 наристе бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болчу. Көбү тилкенин башка жерлеринен качып, ошол жерде башпааналап жаткан. Эгиздердин энеси тынч уктап жаткан балдарында эмне жазык деп боздоп отурду. Түгөйлөр баш кошкондон 12 жыл өткөндөн кийин балалуу болгон экен.

Рафах шаары соккудан кийин. Газа. 3-март, 2024-жыл
Рафах шаары соккудан кийин. Газа. 3-март, 2024-жыл

ХАМАС (АКШ менен Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу башкарган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги ал түнү Рафахтагы турак жайга сокку урулганын кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, согуш башталгандан бери 30 миң 410 палестиналык набыт болду, 71 миң 700ү жараат алды.

Былтыр 7-октябрда хамасчылар Газа тараптан Израилдин аймагына ракета атып, чек арадагы айыл-кыштактарга кол салган жана 200дөн көп адамды барымтага алган. 1200дөн ашуун кишинин өмүрүн кыйган ал чабуулдан кийин жөөт армиясы (ЦАХАЛ) палестиналык анклавда согушкерлерге каршы операцияларын баштаган.

Анклавдын түштүгүндөгү Рафахтын айланасында согуш тутангандан бери бир миллиондон ашуун палестиналык башкалкалап жатат.

Балдар соккулардан гана эмес, ачкалыктан чарчап калууда

Ал арада Улуттар Уюму ачарчылыктан көз жумган газалык балдардын саны өсүшү ыктымал деп эскертүүдө. ЮНИСЕФтин 3-марттагы билдирүүсүндө гуманитардык кризисти, ачарчылыкты алдын алуу, наристелердин өмүрлөрүн сактап калуу зарылдыгы айтылат. Агенттиктин маалыматына ылайык, Камал Адван ооруканасында эле акыркы бир нече күндө тое тамактанбаган жана жетиштүү суу ичпеген бери дегенде 10 бала чарчап калды.

Газа тилкеси. 18-февраль, 2024-жыл
Газа тилкеси. 18-февраль, 2024-жыл

Кеп болгон оорукананын педиатрлары бейтаптардын жарымынан көбүнө жардам берүү колунан келбесин айтышат. Анткени азык тартыш, бала күнүнө үч маал тамактанышы керек болсо, бир эле жолу бир нерсе жейт, албетте алсырайт, ар кандай ооруларга чалдыгат.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун соңку маалыматына караганда, тилкенин түндүк тарабында ар бир алтынчы жеткинчек чала тамактануудан жапа чегип келатат.

Өткөн ишембиде АКШ армиясынын учагы Газага биринчи жолу абадан гуманитардык жардам таштады. Өткөн аптада сектордо тамак-аш тартып келаткан оор машиналардын жанында 110дон ашуун палестиналык каза тапкандан кийин Вашингтон жардамды ушундай жол менен жеткирерин билдирген.

3-мартта АКШнын вице-президенти Камала Харрис Газадагы гуманитардык апаатты жеңилдетүү үчүн жетиштүү чара көрбөйт деп Израилди айыптады.

Анын айтымында, тилкенин тургундары ачка отурат, адам чыдагыс шартта жашап келатышат.

Барымтадагыларды бошотуу талабы

Вице-президент ошондой эле ок атышууну токтотууга, ХАМАСты тиешелүү макулдашуунун шарттарын кабыл алууга, барымтага алынгандарды кое берүүгө чакырды.

Ушу тапта талкууланып жаткан келишимде ок атышууну алты жумага убактылуу токтотуу, бул үчүн барымтадагыларды бошотуу каралган.

Дем алыштарда Тел-Авивде миңдеген израилдик демонстрацияга чыкты. Айрымдары Газада барымтада отурган кишилерди азат кылуу үчүн тезирээк чара көрүүгө чакырса, башкалары өкмөттүн отставкасын талап кылышты.

Өкмөт башчыга каршы акция. Тел-Авив, 2-март, 2024-жыл
Өкмөт башчыга каршы акция. Тел-Авив, 2-март, 2024-жыл

Былтыр ноябрдын этегинде ок атышпоо режиминин алкагында былтыр октябрда барымтаган алынган кишилердин 100дөн ашуунун Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө алмаштырышкан.

Израилдин соңку маалыматына караганда, азыр туткунда дагы 100дөн көп адам бар, дагы бир нечеси хамасчылардын колунан ажал тапкан.

Согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG