Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Өткөн жылы Евразия экономикалык биримдигинде баалар өстү


Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин картасы.
Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин картасы.

2023-жылы Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) кирген бардык мамлекеттерде азык-түлүккө кирбеген товарлар кымбаттаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Беш өлкөнүн ичинен максималдуу өсүш Кыргызстанда катталып, ал 10,4 пайызды түздү. Азык-түлүккө кирбеген товарлар Кыргызстандан тышкары Казакстанда 8,6 пайызга, Орусияда 6,2%, Беларуста 3,1 пайызга кымбаттаган. Эң төмөнкү баалардын өсүшү Арменияда (0,6%) катталды.

Маалыматтарга караганда, биримдикке кирген беш өлкөнүн ичинен азык-түлүк Казакстанда баарынан кымбаттап, алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын кошкондо баалар эң көп өлчөмдө - 8,2 пайызга жеткен. Тамак-ашка болгон баанын өсүшү андан кийин Орусияда (8,1%), Беларуста (6,9%) жана Кыргызстанда (3,3%) катталган. Армениянын Статистика кызматынын маалыматы боюнча, тескерисинче, бул мамлекетте тамак-аш 4,5 пайызга арзандаган.

Кымбаттоо тенденциясы быйыл январда да сакталууда. Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин баардыгында 2024-жылдын январында өткөн жылдын декабрына салыштырганда керектөө баалары жана тарифтер өстү.

Кыргызстанда баалар быйыл январда өткөн жылдын декабрына караганда 0,2 пайызга өсүп, анын ичинен азык-түлүк товарларына баа 0,4 пайызга жогорулаган. Январда декабрга караганда баалар Арменияда 2,0 пайызга, Орусия менен Беларуста 1,3 пайызга, Казакстанда 1,1 пайызга кымбаттаган.

2024-жылдын январында ЕЭАБ мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн инфляция деңгээли
(пайыз, өсүшү +; төмөндөшү -)

Бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр

анын ичинде:

азык-түлүк
товарлар1

азык-түлүк эмес
товарлар

кызмат көрсөтүүлөр

Мурунку айга карата

Армения

1,2

2,0

-0,3

1,0

Беларус

0,8

1,3

0,4

0,4

Казакстан

0,8

1,1

0,5

0,7

Кыргызстан

0,2

0,4

0,0

0,0

Орусия

0,9

1,3

0,5

0,8

2023-жылдын январына карата

Армения

-0,9

-4,5

0,6

3,4

Беларус

5,9

6,9

3,1

7,5

Казакстан

9,5

8,2

8,6

12,3

Кыргызстан

5,9

3,3

10,4

8,4

Орусия

7,4

8,1

6,2

8,1

Инфляция боюнча маалыматка келсек, Кыргызстанда инфляция былтыркы 2023-жылдын январына караганда 5,9 пайызды түзгөн. Инфляциянын эң жогорку деңгээли январь айында Казакстанда катталып, ал 9,5 пайыз болсо, эң төмөнкү инфляция Арменияда катталып, - 0,9 пайызга азайган. Мурунку жылдын январына карата быйыл январда Орусияда инфляциянын дегээли 7,4%, Беларуста 5,9% болгон.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли
(пайыз, өсүшү +; төмөндөшү -)

Январь (2024)
декабрга (2023)

карата

Январь (2024),
мурунку жылдын
январына карата

Январдагы өсүүнүн орточо айдагы темпи

2023

2024

2023

2024

2023

2024

Армения

1,4

1,2

8,1

-0,9

1,4

1,2

Беларус

0,8

0,8

12,0

5,9

0,8

0,8

Казакстан

1,1

0,8

20,7

9,5

1,1

0,8

Кыргызстан

1,5

0,2

15,3

5,9

1,5

0,2

Орусия

0,8

0,9

11,8

7,4

0,8

0,9

* ЕЭАБге кирген мамлекеттердин Статистика кызматтарынын маалыматы боюнча.

1 Алкоголдук ичимдиктерди жана тамекини кошкондо.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) алгач 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG