Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

Акылбек Жапаров Лондондо Кыргызстанда 15 миңден ашуун кен табылганын айтты


Акылбек Жапаров “МАЙНЕКС – Евразия 2023” тоо-кен инвестициялык форумунда.
Акылбек Жапаров “МАЙНЕКС – Евразия 2023” тоо-кен инвестициялык форумунда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондонго болгон жумуш сапарында 27-ноябрда “МАЙНЕКС – Евразия 2023” тоо-кен инвестициялык 11-эл аралык конференциясына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Акылбек Жапаров баяндама жасап, Кыргызстанда ар кандай 15 миңден ашуун кен табылганын, анын ичинен 500гө жакын кен геологиялык чалгындоо иштеринен өткөнүн айтты.

“Мамлекеттик баланста 1020 кендин запастары жана пайдалуу кендердин 51 түрүнүн аянттары – алтын, күмүш, жез, вольфрам, молибден, сейрек кездешүүчү металлдар, сурьма, калай, темир рудалары, коргошун жана башкалар бар. Өлкөбүздө тоо-кен тармагы динамикалуу жана ырааттуу өнүгүп жатат. Ал жалпы ИДПнын 6% ашыгын жана экспорттук кирешенин 41% көбүн түзөт. Ушул жылдын 10 айында тармактын субъекттери тарабынан 492 млн долларлык пайдалуу кендер казылып алынды”, - деди өкмөт башчы.

Анын сөзүнө караганда, Кыргызстандын тоо-кен тармагына инвестиция салган өлкөлөрдүн ичинен Улуу Британия, Түркия, Кытай, Орусия жана Казакстан алдыда турат. Акылбек Жапаров өлкөдө каражатын кен иштетүүгө жумшоону каалаган инвесторлор үчүн шарттар түзүлүп жатканын айтты.

Андан тышкары былтыр Кыргызстан менен “Центерра Голд” компаниясы “Кумтөр” долбоорунун тегерегинде бир пикирге келгенин кошумчалады.

Канадалык “Центерра Голд” ишканасы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири алтын кен. 1997-жылдан бери алтын казылууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG