Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

Ошто Досоновдун уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды


Ошто кармалган адамдар. УКМК тараткан сүрөт.
Ошто кармалган адамдар. УКМК тараткан сүрөт.

Ош облусунда “Женго” каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү жети мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалыматта айтылгандай алар М.у.Х., Ю.У., А.Ы.Б., Р.А.С., Т.И.М., А.у.Б. жана Ж.Д. аттуу инициалдагы жарандар. Бирөө Өзгөн районунун “кароочусу” (смотрящий) болгону жана дагы бири “Казак” деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени кабарлаган.

Кармалган жарандарга Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча айып тагылды.

Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракет уланып жатканын кошумчалады.

Мекеме 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Мындан кийин "Сакал" деген каймана ат менен таанылган Улан Токтосунов, анын артынан "Женго" каймана аты менен таанылган кримтөбөл Кадырбек Досонов видео кайрылуу таратып "мыйзамдагы ууру" статусунан баш тартканын жарыялашты. "Узун Улан" каймана аты менен таанылган Улан Барчакеев эч кандай макамы жок экенин айтып, мыйзамды бузбоого чакырды. Ош шаарынын "кароочусу" аталган Алмаз Эрмекбаев менен Нарын облусундагы кримавторитет Нурлан Омокеев кылмыштык жолдон баш тартканын, мындан ары мыйзамды сактай турганын билдиришти.

Шаардык милиция адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталган, кылмыш дүйнөсүндө "Женго" каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов баштаган беш кишини кармаган. Кийин ушул эле ишке байланыштуу жалпы тогуз шектүү кармалганы белгилүү болгон.

Кадыр Досонов буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан. Соңку ирет аны 2021-жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук комитети кармаган. Былтыр сентябрда Жогорку Сот төмөнкү инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG