Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:38

CAFA Nations Cup: Кыргызстан коло байге үчүн Оман менен беттешет


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы CAFA Nations Cup - 2023 мелдешинин коло байгеси үчүн Оман курама командасы менен беттешет. Оюн бүгүн, 20-июнда Ташкент шаарындагы "Пахтакор" стадионунда саат 19:30 (Бишкек убактысы) башталат.

Ушул эле күнү Өзбекстан курама командасы менен Иран биринчи орун үчүн ойнойт.

Оман курама командасы менен Кыргызстан 2024-жылдын январ айында Катарда өтө турган Азия кубогунда да бир тайпага туш келген. Оман ФИФАнын апрелде жарыяланган рейтингинде 73-орунга чыккан. Ал эми Кыргызстан курамасы 96-орунда турат.

Борбор Азия футбол ассоциациясы (CAFA) уюштурган Улуттар кубогунун тайпалык оюндары 10-июндан 17-июнга чейин Бишкекте жана Ташкентте өттү. А тайпасында Өзбекстан, Тажикстан, Оман жана Түркмөнстан ойноду. А тайпасында биринчи орунду Өзбекстан, экинчи орунду Оман курамасы ээлеген.

Кыргызстан В тайпасында Ооганстан жана Ирандын командасы менен беттешти. Кыргызстан Ооганстанды утуп (3:0), Иранга жеңилип, тайпада 2-орунду ээледи. Ирандын курамасы Кыргызстан (5:1) менен Ооганстынды утуп (6:1), тайпада биринчи орунду алды.

Мелдештин шартына ылайык эки тайпанын жеңүүчүлөрү финалда, экинчи орунду ээлеген командалар коло байге үчүн беттешет.

CAFA Nations Cup - 2023 - Борбор Азиянын футбол бирикмеси уюштурган мелдеш. Быйыл биринчи жолу өткөрүлүп жатат. (GT)

XS
SM
MD
LG