Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлгө чөгүп кеткен төрт жашар кызды алты күндөн бери издеп жатат. Өлкөдө күн адатта тыш ысып жатканы үчүн сууга түшкөндөр көбөйүп, чөгүп кеткендердин да саны артты. Министрлик жыл башынан бери кырктай адам сууга чөккөнүн билдирди.
Сууга чөгүп кеткен төрт жашар кыз табыла элек
18-июлда Ысык-Көлгө чөгүп кеткен төрт жашар кыздын сөөгү дале изделип жатат. Издөө иштерине 20дан ашык суучул, Тору-Айгыр айылынын айрым тургундары тартылган. Айылдын тургуну Адилеттин айтымында, наристе энеси менен көлгө түшүп жаткан кезде толкун тартып кеткен:
“Кыз үйлөмө матраста жаткан экен, апасы жанында буту жерге жеткен жерде сууга түшүп жаткан экен. Ошол маалда катуу шамал башталып кетип, аялдын колунан шамал матрасты жулуп кеткен. Шамал алып кеткен матрас көңтөрүлүп, үстүндөгү кыз сууга чөккөнүн айтып жатышат. Кыздын энеси да, атасы да сууда сүзгөндү билбейт экен, ошого куткарып кала алышкан жок көрүнөт”.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 20дан ашык куткаруучусу менен суучулдары, кайыгы, дрону көлдүн үстүнөн да, астынан да карап, наристени издөөнү улантып жатат. Суучулдар суу астына 25 метр тереңдикке чейин кирип чыгып жатканы менен азырынча жыйынтык жок.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин айтымында, сууга чөгүп каза болгондордун 14ү Чүй облусунда, ону Жалал-Абад, сегизи Ош, он чактысы Ысык-Көл, алтоо Бишкек шаарында, төртөө Талас, үчөө Нарын, экөө Баткен облусунда катталды. Алардын 20сы жаш балдар. Сууга чөккөн бойдон дайынсыз кеткен бир нече адам изделип жатат.
"Чөгүп бараткан адамды алты мүнөттө куткарууга үлгүрүү керек"
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдөгү пансионаттардын суучулдарын жыл сайын окутат. Министрликке караштуу суучулдар кызматынын башчысынын орун басары Замир Жумаков чөгүп бараткан адамды куткарып калуу үчүн пансионаттарга коюлган талаптын аткарылышы маанилүү дейт.
“Сууга чөгүп бараткан адамды куткарууга алты эле мүнөт убакыт бар. Эгер андан кечиксе, адам өмүрүн сактап калуу мүмкүн эмес. Биздин суучулдар окуя болгон жерге мынча кыска убакыттын ичинде жете албайт. Ошондуктан биз ар бир эс алуу жайы үчүн жыл сайын куткаруучуларды окутуп, даярдап беребиз. Күчтүн баары пансионаттын же санаторийдин суучулуна түшөт. Быйыл биз 300дөн ашык суучулду окутуп бердик. Өлкө боюнча өзүбүздүн 100дөн ашык суучулубуз бар. Эгер адам эс алып жаткан пансионат же санаторийде адам өмүрүн сактап калуу үчүн эрежелердин баары сакталган болсо, чөгүп бараткан адамды куткарып калуу оңой. Биздин куткаруучулардын тийиштүү шаймандары бар. Азыр социалдык тармактарда төрт жашар кызды издөөгө кошумча күч керек деп, дрон сурап жазып жатышат. Бул жаңылыштык, дрон менен сууга чөккөн адамды табууга мүмкүн эмес”.
Жумаковдун айтымында, сууда адам өмүрүн коргоонун эрежелери 2011-жылдын 13-августунда өкмөттүн 466-токтому бекитилген. Ага ылайык, 12 жашка чыга элек балдарга ата-энесинин коштоосу жок сууга түшүүгө тыюу салынат. Ар бир пляжда 50 метр сайын суучул, ар 30 метрде куткаруучу жабдыктар, 100 метр сайын кайык, ар 300 метрде моторлуу кайык болушу зарыл экени көрсөтүлгөн. Бирок буларды жоопкерчиликти сезген айрым пансионаттар гана аткарат.
"Статистика боюнча, чөккөндөрдүн 90% уруксат берилбеген агын суу, суу сактагыч же жапайы пляжга түшкөндөр. Адам биринчи кезекте өз коопсуздугуна өзү жооп бериши керек. Коопсуздук чаралары сакталбаган жерде сууга түшсө, демек ал өз өмүрүн тобокелге салып жатат. Муниципалдык пляждарда да коюлган талаптар аткарылбайт. Айрым айыл өкмөт башчыларынын жоопкерчиликсиз мамилесинен улам пляждарда куткаруучулар иштебейт, куткаруу шаймандары коюлбайт. Адатта Транспорт министрлиги жана ӨКМ бул талаптардын аткарылышын көзөмөлдөйт жана талаптардын аткарылбай калганы үчүн Жазык кодексине ылайык административдик жаза жаза каралган”, - дейт Замир Жумаков.
Куткаруучулар чөгүп бараткандарга өз убагында жардам көрсөтө албай калган учурлар да кезигет. Буга байланыштуу алардын дарегине бир катар сын-доомат да айтылып келет. Быйыл 6-июнда Бишкектеги “Ала-Тоо” аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Анда бир учурда бассейнге 292 киши кирсе, алардын 15и ата-эне, 9у мугалим, калганы окуучулар болгон. Балдарды 13 куткаруучу көзөмөлдөгөнү айтылганы менен сууга тумчуккан окуучуну куткарып калууга мүмкүн болгон эмес.
Өткөн жылы жай айында Ысык-Көлдүн Бостери айылында эс алуу борборунун көл жээгинде жайгашкан аквапаркына суу толтуруп жаткан учурда диаметри 50 сантиметрлик түтүк ошол учурда көлгө түшүп жаткан 18 жаштагы жигитти соруп кеткен. Жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары биригип, баланын сөөгүн 50 метр тереңдиктен төрт сааттан кийин алып чыккан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы 121 жаран сууга чөгүп каза болгон. Алардын ичинен 18 жашка чейинки балдар 50% түзөт.
Сууга түшүүнүн эрежелери
Сууга түшүүнүн эрежелери боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жылына атайын видео тасмаларды даярдап, интернет, мамлекеттик каналдар аркылуу түшүндүрмө берип келет. Андан сырткары эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
Сууга түшкөндө төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:
- Сууга түшүүдө этият болуу керек. Себеби чумкуп же секирип сууга түшкөндө суу алдындагы таш же башка катуу нерселерге тийип, жараат алуу коркунучу бар;
- Сууда сүзгөндү билбегендер сөзсүз үйлөтмө баллондорду колдонушу керек;
- Жээктен алыс сүзүп кетүүгө болбойт. Үстүртөн караганда тынч көрүнгөнү менен суу өзүнүн алстындагы агымы менен тартып кетиши мүмкүн.
- Көлдөгү суунун муздак жана жылуу агымдарына туш келгенде буттун тарамышы түйүлүп калат;
- Тарамышы түйүлгөн адам коркуу сезимине алдырбай, терең дем алуусу зарыл;
- Сууда чоң адамдар 15-20 мүнөт, кичине балдар 5-10 мүнөт жүрсө болот.
Мыйзамга ылайык, көл жээктериндеги эс алуучу жайларында негизги жоопкерчилик пансионаттарга жүктөлөт, алар эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн болгон шартты түзүшү керек. Пансионатта куткаруучу жок болсо, ага 2000 сом айып пул салынат.