Тажикстандын президенти жаңы ооган өкмөтүнүн түзүлүшү тууралуу оюн билдирди. Ал Ооганстанда бардык элдер менен этникалык топтордун кызыкчылыгын камтыган инклюзивдүү өкмөт түзүлөрүнө үмүт артарын Дүйшөмбүдө Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайшини кабыл алган учурда айтты.
Тажик президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Рахмон Ооганстандын жаңы өкмөтүн түзүүдө бардык элдердин, өзгөчө, өлкө калкынын 46% түзгөн ооган тажиктеринин кызыкчылыгын эске алуу зарыл деп эсептейт.
Ошол эле кезде расмий Дүйшөмбү талибдер тарабынан тажиктерге, өзбектерге жана башка Ооганстандагы улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнө карата жасалып жаткан зомбулуктарды айыптай турганын билдирди.
Анын айтымында, Ооганстандагы мамлекеттик түзүлүш бардык жарандардын көз караштарын эске алуу менен аныкталууга тийиш.
Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайши Исламабад дагы Ооганстанда инклюзивдүү өкмөт түзүүнү жактай турганын айтып, бардык элдердин өкүлдөрүн буга активдүү катышууга чакырды.
Анын айтымында, Ооганстандагы улам өзгөрүлүп турган азыркы кырдаал келечекте анын жакынкы кошуналарына олуттуу таасир этиши мүмкүн.
«Ооганстандагы тынчтык жана туруктуулук жалпы чөлкөмдөгү коопсуздукка көмөк көрсөтүшү мүмкүн. Ошондуктан негизги максат – бардык кызыкдар тараптар Ооганстандын болочогун биргеликте карап, талкуулашы зарыл», — деп белгиледи Курайши.
Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайши Тажикстандабир күндүк расмий сапар менен болду.
Ооганстандын түндүгүндөгү Панжшер провинциясында "Талибанга" каршылык көрсөтүү кыймылы түзүлгөн. Аны бул өрөөндөн чыккан аскер кол башчысы маркум Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд жетектейт. Аларга Ооганстандын биринчи вице-президенти, тажик тектүү Амрулла Салех менен өзбек тектүү маршал Абдул Рашид Дустумдун тарапташтары келип кошулганы кабарланган.
Талибдерге баш ийбей, Ооганстандагы тажик жана өзбек тектүү кошуундардын башын кошкон “Түндүк альянсты” жетектеп келген маркум Шах Масудду “Панжшердин арстаны” деп атап келишкен. Ал аймакка сырттан душман киргизген эмес, анын кошуундарынын каршылыгынын мизин кезинде советтик аскерлер дагы кайтара албаганы аңыз болуп калган.