Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Вице-мэр Ырсалиев жана ырчы Самара Каримова кабылган кырсыктын чоо-жайы айтылды


"Тойота" автомашинасын ырчы Самара Каримованын күйөөсү Асан Мансуров айдап бараткан. 2021-жылдын 26-июлу.
"Тойота" автомашинасын ырчы Самара Каримованын күйөөсү Асан Мансуров айдап бараткан. 2021-жылдын 26-июлу.

Бишкек-Ош жолунда бир машинада баратып автокырсыкка кабылгандар арасында Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жана ырчы Самара Каримова бар. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна 27-июлда Жалал-Абад облустук жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 26-июлда эртең менен болгон.

Бишкекти көздөй бараткан “Тойота” машинасын Самара Каримованын күйөөсү, Маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймагы боюнча маданий борборунун мурдагы жетекчиси Асан Мансуров айдап бараткан. Ал уктап кетип, машине жолдун сол тарабындагы тосмону сүзгөн.

Натыйжада Асан Мансуров менен Жамалбек Ырсалиевден тышкары эки адам Токтогул районунун ооруканасынын хирургия бөлүмүнө түшкөн. Самара Каримова ошол эле оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 27-июлдагы маалыматына караганда, вице-мэр Ырсалиев жана Элвира Токтосунова аттуу жүргүнчү канааттандырарлык абалда болгондуктан, үйүнө чыгарылды.

Каримовага “мээси чайкалып, омуртка сөөгү сынган”, күйөөсүнө “мээси чайкалып, баш-сөөгү жабыркаган” деген диагноз коюлду. Дарыгерлер жубайлардын жана алар менен чогуу кырсыктаган Алина Назарова аттуу жүргүнчүнүн абалы туруктуу экенин, алар дарылануусун ооруканада улантып жатканын билдиришти.

24-июлда Ички иштер министрлиги соңку учурда жол кырсыктары көп болуп жатканына тынчсыздануу билдирип, айдоочуларды эрежелерди так сактоого чакырды. Быйыл биринчи жарым жылдыкта Кыргызстанда 3400дөй жол кырсыгы катталып, андан 329 киши каза болду. Дагы 5000 адам жаракат алды.

Соңку бир ай ичинде Кыргызстанда үрөй учурган бир нече жол кырсыгы катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG