Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Жапаров менен Рахмон чек ара, аткезчилик боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты


Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон, Дүйшөмбү шаары, 29-июнь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон, Дүйшөмбү шаары, 29-июнь, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 29-июнда Дүйшөмбү шаарында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

25 бөлүмдөн турган билдирүүдө эки өлкөнүн президенттери кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү колдогону жазылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарында товарлардын аткезчилиги улантылып жатканына тынчсызданганын билдиришти. Мамлекет башчылары Тажикстандагы этникалык кыргыздар жана Кыргызстандагы этникалык тажиктер үчүн ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүүнү макулдашты. Ошондой эле, Ооганстандагы аскердик-саясий кырдаалга тынчсыздануусун билдиришти.

Ушуну менен Садыр Жапаровдун Тажикстанга расмий сапары жыйынтыкталды. Жапаров Эмомали Рахмонду Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Иш сапардын мөөнөтү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат.

Садыр Жапаров Тажикстанга расмий иш сапары менен 28-июнда барып Эмомали Рахмон менен бейрасмий түрдө жолуккан. 29-июнда өлкө башчылары көзмө-көз, тар чөйрөдө, андан кийин кеңейтилген форматтагы жолугушууда кыргыз-тажик чек арасын талкуулады.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG