Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

"Кыргыз темир жолу": ата-балага коюлган айып


"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясындагы коррупцияга шек саналган беш адамдын арасында ишкананын мурдагы жетекчиси Василий Дашков менен анын уулу бар. Атайын кызмат аларды күйүүчү май сатып алуудагы жемкорлукка байланыштуу айыптап жатат.

Дашковдун аты буга чейин "Кыргыз темир жолундагы" тендер өткөрүүдөгү коррупцияда да аталган.

Василий Дашков.
Василий Дашков.

Күйүүчү май коррупциясы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Василий Дашков менен анын уулу акыркы бир жыл аралыгында күйүүчү май сатып алуууда коррупцияга жол берген деп шек саналып жатканын билдирди. Ага ылайык, 2020-жылдын май айынан 2021-жылдын апрель айына чейин "Кыргыз темир жолу" ишканасы "Атом Групп" жана "Генезис Плюс" компанияларына 500 миллион сом которгон. Бул акча кара май жана кызмат үчүн которулганы айтылганы менен ортодо тийиштүү келишим түзүлгөн эмес.

18-майда УКМК "Кыргыз темир жолунун" Каржы департаментинин башчысы, коррупциялык схеманын катышуучусу катары Дашковдун уулу менен жогоруда аталган эки компаниянын жетекчилерин камады.

Бул аралыкта Дашков зыяндын ордун толтуруп, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга (18-июнга чейин) үй камагына алынды. Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин ("Алдамчылык") негизинде кылмышка шек саналып жатканы айтылды. Анын уулуна кандай айып коюлганы белгисиз.

Василий Дашков "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигине былтыр март айында дайындалган.

Талкаланган, мыйзамсыз сатылган делген вагондор. Финансы полициясы тараткан сүрөт.
Талкаланган, мыйзамсыз сатылган делген вагондор. Финансы полициясы тараткан сүрөт.

"Өз кишилер"

Кызматка келери менен ишкананын 15 чакты кызматкерин иштен алган. Алардын ичинде Жалал-Абаддагы филиалдын жетекчиси Абдуллажан Шаиевди пенсия курагына жетип калганына карабай, кызматтан бошоткон. Аны менен бирге башкы бухгалтер Сражидин Ибрагимовду да иштен алган. Шаиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, кийинки дайындалган жетекчилердин тушунда Жалал-Абад филиалы алты миллион сом чыгаша менен чыккан:

"Мага алдын ала кабарлабай эле, кокусунан бир күнү кызматтан алышты. Дашков өзү келип, "бул менин чечимим эмес, жогору жактан ушундай буйрук болуп жатат. Сизди башка кызматка коем тез арада" деп офицерлик сөзүн берип, арызымды жаздырган. Мен бир жылдан кийин пенсияга чыкмакмын. Тармакта 40 жыл иштегем. Менден кийин эле башкы бухгалтерди иштен алышты. Былтыр филиал алты миллион сом чыгаша менен чыгыптыр. Бизди кызматтан эмне максатта алганы түшүнүксүз, балким анын коррупциялык иштерине ыңгайлуу, өз кишилери керек болгондур".

Шаиев менен Ибрагимов Василий Дашков 26-мартта кызматынан алынгандан кийин мурдагы иш ордуна барганы белгилүү болду.

"Мостоотряддан" "Мосавтодорстройго" өткөн миллиондор

Василий Дашков "Кыргыз темир жолуна" башкы директор болуп дайындалганга чейин 14 жыл бою ишкананын бир бөлүгү болгон "Мостоотряд" мекемесин жетектеген. Аталган ишкана "Кыргыз темир жолунун" курулуш иштерин жүргүзөт.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматтарга караганда, акыркы эки жылда эле "Мостоотряд" 125 жолу тендер жарыялаган. Анын ар бир бешинчисин "Моставтодорстрой"утуп алып, жалпы 112 млн сомго чукул акча алган. Бул ишкана да Василий Дашковго таандык болгон. Кийинчерек аны жубайы Нелли Дашковага каттаган.

"Моставтодорстрой" ишканасы тууралуу маалымат. (Журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүнөн алынды)
"Моставтодорстрой" ишканасы тууралуу маалымат. (Журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүнөн алынды)

Василий Дашковдун "Кыргыз темир жолу" ишканасындагы коррупциялык схемалары тууралуу иликтөөчү журналист Али Токтакунов үч ай мурда "Темир жолду миллиондоп сааган Дашков" деген аталышта материал жарыялаган. Анын айтымында, анда Дашковдун коррупциялык схемаларынын бири гана тууралуу сөз болгон:

"Бул жерде "Кыргыз темир жолуна" жабдуу алуу же курулуш жүргүзүү үчүн жарыяланган тендерлердин ар бир бешинчисин Дашковго тиешелүү мекемелер утуп турган. Мындай жол менен ал мамлекеттик ишканадан кеминде 176 млн сом сындырып кеткен. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга бул схема каршы келет, анткени "кызыкчылыктар кагылышы" деген берене бар. Эгер өзү бир мекемени жетектесе, анын акчасын кайра эле өзүнүн компаниясына которуп берсе бул мыйзамсыз. Дашков мамлекеттин акчасын өзүнүн компаниясына салып берип жүргөн. Тергөө органдары эми анын ишин кылдат иликтеп, аягына чыгарат деген үмүтүбүз бар".

"Кармап-камоолор коррупцияны ооздуктай албайт"

Коррупция маселелери боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева акыркы убактарда күч алган кармоо жана камоолор коррупцияга каршы саясат боло албайт деп эсептейт. Анын пикиринде, паракорчулуктун алдын алуу чарасы маанилүү:

Эркайым Мамбеталиева
Эркайым Мамбеталиева

"Кармоолор токтобойт. Дагы көп болушу мүмкүн. Анткени бизде кадр саясаты жолго коюлган эмес. Көп жылдан бери эле эксперттер кадр саясаты ачык-айкын, сынак аркылуу тандоо менен жүргүзүлмөйүнчө, мамлекеттик кызматтардагы коррупция токтобой турганын айтып келет. Кармоолор жана кустуруулар менен эле чектелбей, чоң комплекстүү иш-чараларды киргизүү керек. Антпесе коррупциядан улам камалган кызматкердин ордуна кайра эле башкасы келет. Кадр саясатын, алдын алуу иштерин жакшыртмайынча, коррупция маселеси чечилбейт".

"Кыргыз темир жолундагы" коррупциялык иштерге байланыштуу кармап-камоо былтыр эле башталган.

2020-жылы июнда атайын кызмат бул ишканадагы коррупциялык иштерге байланыштуу төрт адамды камакка алган.

Көп өтпөй "Кыргыз темир жолунун" мурдагы башкы директору Канатбек Абдыкеримов мамлекеттик сатып алууларды уюштурууда көзөмөлгө алынган компаниялар менен пайда табуу максатында туруктуу кылмыштуу топ түзүп алган деген айып менен камалган.

Былтыр октябрда ишкананын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер боюнча башкармалыгынын башчысы (Дж.К.) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шек саналып кармалган.

Бир айдан кийин УКМК "Кыргыз темир жолунда" 2018-жылдан 2020-жылга чейинки аралыктагы коррупциялык иштердин бети ачылганын, натыйжада темир жолго сапаты начар курулуш материалдарын алуунун айынан мамлекеттик бюджет 25 миллион сомдон ашуун зыян тартканын билдирген.

Былтыр жыл аягында ишкананын Түштүк филиалынын жетекчиси Ю. Б. К мамлекетке 11 миллион сомдук зыян келтирген деген шек менен кармалган. Кийинчерээк ал чыгымды толтурганы үчүн үй камагына чыкканы белгилүү болгон.

Бул иштер кандай тергелип-иликтенип жатканы белгисиз. УКМК бул фактылар тууралуу азырынча маалымат берилбесин айтуу менен гана чектелди.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG