Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Жергиликтүү кеңештин депутаттары Манас шаарынын макамын өзгөртүүнү колдоду


Манас шаарынын мэриясынын жаңы административдик имараты.
Манас шаарынын мэриясынын жаңы административдик имараты.

Жалал-Абад облусундагы Манас шаарынын депутаттары 24-октябрда кезексиз жыйынга чогулду. Анда бул шаардын облустук деңгээлдеги макамын республикалык кылып өзгөртүү сунушу колдоо тапты. Маалыматта бул сунушту ким киргизгени такталган эмес.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев аталган шаардын макамы өзгөрөрүн билдирген. Ал 11-октябрда Манас шаары деген жазуунун расмий ачылышынын алдында бул калаа келечекте борбор болуп калышы мүмкүндүгүн айткан.

"Жалал-Абад буга чейин облустук деңгээлдеги шаар болгон. Эми биз Манас шаарын – Бишкек, Ош шаарларынын катарында республикалык деңгээлдеги үчүнчү шаар кылабыз. Айрым саясатчылар буга чейин "Манас борбор болуп калышы мүмкүн экен" деп айтып жатышпадыбы. Аны келечек көрсөтөт. Эмне үчүн болбосун? Биз ошого татыктуу болсок, борбор болот, кудай кааласа. Анүчүн шаарыбызды даярдашыбыз керек, элибизди даярдашыбыз керек”, – деген Ташиев.

Жалал-Абад шаардык кеңеши өткөн айдын башында кезексиз жыйында калаанын аталышын Манас кылып өзгөртүү тууралуу мэр Эрнисбек Ормоковдун сунушун колдогон. Көп өтпөй эле Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорун чукул кабыл алып, ага президент Садыр Жапаров 17-сентябрда кол койгон. Мыйзам 27-сентябрь күнү күчүнө кирип, ошол күн шаар күнү катары белгиленген.

Камчыбек Ташиев мыйзамга кол коюлгандан кийин шаарды Манас деп атоо анын идеясы болгонун жана эл да демилге көтөргөнүн айткан.

Шаар 1991-жылы Жалал-Абад облусунун борбору деп аныкталган. Соңку жылдары бул калаада көптөгөн инфраструктуралык курулуштар жүрүүдө. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көп кабаттуу үйлөрү салынып, ички жолдор, стадион, социалдык объектилер курулуп, жасалды.

Быйыл 31-август – Эгемендик күнүн президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында белгилеп, ири администрациялык имараттын ачылышына катышкан.

Учурда, расмий маалыматка ылайык, шаардын калкы 184 миңден ашат.

Шерине

XS
SM
MD
LG