АКШнын президенти Дональд Трамптын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын чабарманы Серхио Гор менен мамлекеттик катчынын орун басары Кристофер Ландау 26-30-октябрь күндөрү Казакстан менен Өзбекстанда болот. Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти кабарлады.
Анда эки өлкөнүн бийлик башчылары менен жолугуп, экономика жана коопсуздукка байланышкан бир катар маселелерди талкуулайт.
“Кошмо Штаттары борборазиялык кесиптештерибиз менен алака-катышты чыңдап, соода байланышты кеңейтүү үчүн кызматташууну улантат. Биз өз ара кызматташууну кеңейтүүгө, C5+1 дипломатиялык платформасынын алкагындагы АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн 10 жылдык алака-катышын белгилөөгө кызыкдарбыз”,-деп айтылган маалыматта.
Өткөн айдын аягында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Нью-Йоркто Серхио Гор менен жолуккан.
Ушул жылы жайында OCCRP жана Times of Malta басылмалары Дональд Трамптын администрациясындагы таасирлүү аткаминерлердин бири делген Серхио Гор 1986-жылы Ташкентте туулганын, чыныгы аты-жөнү Сергей Гороховский экенин аныктап чыккан.
АКШ өкмөтү C5+1 платформасын 2015-жылы аталган региондогу беш мамлекет менен ар тараптуу кызматташууну чыңдоо үчүн түзгөн.
Шерине