Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Бишкек: көп кабаттуу үйдөн кулаган аялдын өлүмүнө байланыштуу чет элдик эки жаран камалды


Бишкек шаарындагы Свердлов райондук милициясы тараткан сүрөт.
Бишкек шаарындагы Свердлов райондук милициясы тараткан сүрөт.

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин балконунан кулаган 37 жаштагы аялдын өлүмүнө байланыштуу чет өлкөлүк эки жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.

“Окуя 24-октябрда шаардагы Фрунзе көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Батирде чет элдик, 1988-жылы туулган В.Ю, 1987-жылы туулган В.Т. жана 1988-жылы туулган Т.А. аттуу жарандар болгон. Үчөөнүн ортосунда чыккан чырдан улам Т.А. балкондон кулап кеткен. Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. В.Ю. менен В.Т. шаардык милициянын тергөө абагына киргизилди”,-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында социалдык тармактарда ушул окуяга байланыштуу видеолор тараган жана анда кытай жарандары экени тууралуу сөз болгон.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG