Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:07

Орусиянын Киевге жасаган соккусунан эки адам набыт болуп, 10 киши жараат алды


Орусиянын армиясы 25-октябрга караган түнү Украинаны “Искандар-М” үлгүсүндөгү тогуз баллистикалык ракета жана 60тан ашык дрон менен аткылады.

Өлкөнүн Абадан коргоо күчтөрү төрт ракета жана 50дөй учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди. Украин бийлиги ракеталар кайсы аймакка түшкөнү тууралуу маалымат берген жок.

Киев шаарында ишембиге караган түнү катуу жарылуулар болду. Шаар мэри Виталий Кличко борбор калаа баллистикалык ракеталар менен аткыланганын кабарлаган.

Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко соңку чабуулда эки адам мерт болуп, дагы ондой киши жараат алганын билдирди. Полициянын ырасташынча, анда көп кабаттуу үйлөр, бир бала бакча жана машиналар жабыркады жана соккудан улам тутанган өрттү өчүрүү уланууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG