Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Дзюдочу Владимир Золоев Азия жана Океания чемпиону болду (видео)


Владимир Золоев атаандашы менен. (оң жактагы)
Владимир Золоев атаандашы менен. (оң жактагы)

Кыргызстандык спортчу Владимир Золоев ушул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында алтын байге алды.

Бүгүн, 7-апрелде 81 килограммга чейинки салмакта татамиге чыккан Золоев финалда түштүк кореялык Ли Мун Жинди жеңди.

Финалдык беттешке чейин кыргыз дзюдочусу үч беттеш өткөргөн. Алгач жарым чейрек финалда сириялык Мохаммад Касемди иппон менен жеңди. Чейрек финалда түштүк кореялык Сунгхо Лини дагы иппон менен жыкты.

Жарым финалда монголиялык дүйнө чемпиону Саид Моллаеини жеңип, финалга жолдомо алган эле. Бул салмакта коло байге монголиялык Саид Моллаеи менен өзбекстандык Шорафиддин Болтабоевге буйруду. Бүгүн эркектер арасында 73 кг., 81 кг., кыз-келиндер арасында 63 кг., жана 70 килограммга чейинки салмакта спортчулар күч сынашты.

Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты 9-апрелге чейин уланат.

Учурда Кыргызстандын куржунуна эки байге чогулду. 6-апрелде 60 килограммга чейинки салмакта Кубанычбек Айбек уулу коло байгенин ээси болгон.

XS
SM
MD
LG