Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:20

Венада өзөктүк курал боюнча АКШ-Орусия сүйлөшүүсү башталат


Орусия учурган ракета. 1-март, 2018-жыл.
Орусия учурган ракета. 1-март, 2018-жыл.

Венада 28-июлда Кошмо Штаттар менен Орусиянын расмий өкүлдөрүнүн ортосунда үч күнгө созула турган өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөр башталат.

Талкуунун биринчи айлампасы өткөн айда болгон. Анда Вашингтон менен Орусия бул багытта 2010-жылы кол коюлган келишимди талкуулашкан. Ага ылайык, тараптар узун аралыкка учуучу ракеталардын өзөктүк дүрмөттөрүн ар бири 1 550 даанадан ашырбоого тийиш.

22-23 июнда Венада уюштурулган сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ президентинин куралды көзөмөлдөө боюнча атайын чабарманы Маршалл Биллингсли Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков менен бирге бул боюнча бир нече «техникалык» иш топторун түзүүнү чечишкенин айткан.

Ал ошондой эле экинчи жолугушууда мөөнөтү эмдиги жылдын февраль айында аяктай турган келишимди жаңылоо караларын кошумчалаган.

Бир күн мурда Венада АКШ менен Орусия ортосунда космостогу коопсуздук тууралуу сүйлөшүүлөр өткөн. Вашингтон космосто да жоопкерчиликтүү аскердик аракеттерди жүргүзүүнүн эрежелерин киргизүүнү сунуш кылып жатат.

XS
SM
MD
LG