Аба ырайы:
3-сентябрда тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;
Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;
Нарында түнкүсүн -3…2, күндүз 9…14 градуска чейин ысыйт.
Бишкекте 3-сентябрда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 24…26 градус жылуу болот.