Москвада ашпоз болуп иштеген кыргызстандык Бахтияр эмгек маянасын алган күнү эле метродон полиция кызматкерлерине алдырып койгон. Мегаполисте мыйзамдуу иштеген мекендеш полициянын “камакка алып, депортация кылабыз” деп коркутканынан чочулаганын айтты:
- Ошол күнү маянамды алгам. Эртеси күнү Кыргызстанга жөнөтмөкмүн. Анан метрого киргенимде полиция кызматкерлери токтотуп, документтеримди сурап, тинтип киришти. Чөнтөгүмдү аңтарып көрүп эле, 20 миңдей акчамды алып коюшту. Миграциялык документтерим туура болчу. Жумуш берүүчү өзү каттоого алып, мыйзамдуу иштеп жүргөм. Бирок полиция кызматкерлери “документтериң жасалма, депортация кылабыз” деп коркутканда айла жок акыбалга туш болдум. Акчаны алып, документтеримди берип, бошотуп жиберишти...
Коомдук ишмер Жылдыз Осмонова мындай кырдаалда мигранттар өз укуктарын жакшы билбегендиктен жапа чегишерин белгилейт. Ал Бахтиярга жардам көрсөтүүгө барып, өзү күбө болгон окуяны мындайча айтып берди:
- Окуя болгонуна бир саатка жетпей эле ал жакка бардым. Оюмда тил табышып, акчасын кайтарып берем дегем. Бирок алар дароо психологиялык кысым көрсөтүп, коркутуп, басынтып, мени бөлмөдөн чыгарбай, укуктарымды тепселей баштады.
Мындай кысымдан кийин Осмонова жергиликтүү Ички иштер башкармалыгынын жеке коопсуздук бөлүмүнө жабыркоочу Бахтияр менен чогуу барып, арыз жазган. Прокуратурада он күн ичинде кылмыш иши козголору айтылганы менен азырынча эч кандай жыйынтык чыга элек.
- Мен арыз боюнча Ички иштер башкы башкармалыгынын жеке коопсуздук бөлүмүнө телефон чалганымда, эмдигиче иш козголбогонун айтышты. Булар мигранттар унутуп калат деп ойлосо керек. Менин оюмда мындай нерселер көп эле болот, бирок ишти аягына чейин жеткирген эч ким жок.
Юрист Мирбек Токтошев мындай кырдаалга туш болгон мекендештерге полициянын мыйзамсыз иш-аракеттерин далилдей турган бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууну сунуштады:
- Азыр ар бир мекендештин колунда диктофон же телефон бар. Полиция токтоткондо документтер же ошол текшерүүнүн себептери тууралуу диктофонду күйгүзүп, бардык сүйлөшүүнү жаздырып алуу керек. Андан тышкары полициянын аты-жөнүн, иштеген бөлүмүн жана төш белгисиндеги номурду эске сактап калуу зарыл. Бул кийин кызматкерди табууга жардам берет. Кийин ошол диктофондо жазылган аудио полиция кызматкеринин үстүнөн иш козгогонго негиз берет.
Орусияда мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкерлер опузалоо жолу менен пара алганы далилденсе, 12 жылга чейин эркинен ажыратылат. Эгерде жабырлануучунун колунда полиция кызматкеринин мыйзамсыз иш-аракеттерин ырастаган далилдер болсо, дароо сотко кайрыла алат.