Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:56

Тажик парламенти Москвадагы мушташты талкуулады


16-майда Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы эки мурда Москвадагы Хованский мүрзөсүндөгү кагылышууну талкуулады. Парламент төрагасы Шукуржон Зухуров кандуу окуяга тынчсыздануусун билдирип, окуянын иликтенишине көз салууну ички иштер министрине тапшырды.

Москванын Хованский мүрзөсүндөгү кагылышууда Тажикстандын үч эмгек мигранты өлүп, тогузу жарадар болгон. Кагылышуу тажиктер менен дагестандыктар ортосунда чыккан. Ага күбөлөрдүн айтымында, беш жүздөй, полициянын маалыматы боюнча 200дөй адам катышкан.

Тараптар кетмен, күрөк, арматура жана союл, таяк менен чабышкан. Ортодо ок дагы атылган.

Жаңжалдын себеби катары мүрзөдө иштеген тажик мигранттарынан кавказдыктардын "үлүш" талап кылуусу аталууда.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Шукуржон Зухуров кандуу окуяга тынчсыздануусун билдиргенин анын маалымат катчысы Мухаммадато Султонов кабарлады:

- Шукуржон Зухуров ал окуяны жеке көзөмөлүнө алганын билдирди жана ички иштер министри Рамазан Рахимзодага орус бийликтери менен кызматташып, тергөөнүн жүрүшүнө көз салууну тапшырды.

Жаңжал тартылган видеодон кесилген сүрөт
Жаңжал тартылган видеодон кесилген сүрөт

Парламент төрагасы Зухуров 17-майда КМШнын Парламенттик ассамблеясынын жазгы сессиясына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына барарын жана ал жерде Хованский мүрзөсүндөгү кагылышууну олуттуу түрдө талкууга коёрун белгилеген.

Тажик парламентинин мүчөлөрү Хованский мүрзөсүндөгү кагылышууга чейин этникалык топтордун коркутуулары тууралуу арыздарга Орусиянын тартип коргоо органдары чара көрбөгөнүнө нааразылык билдиришти.

Тажикстан Демократиялык партиясынын лидери, парламенттин эл аралык иштер комитетинин мүчөсү Саиджафар Усмонзода мушташты “өкүнүчтүү” деп атап, “анда этникалык топтордун жана хулигандардын колунда курал болушу жарандардын өмүрүнө коркунуч туудурат. Орусия жана Москванын тартип коргоо органдары окуя болгонго чейин чара көрүш керек эле. Анткени мүрзөдө иштегендер этникалык топтордон коркутуулар болуп жатканы тууралуу тартип коргоо органдарына кайрылышкан” деди парламентте.

Усмонзода "этникалык топтордун курал менен көчөдө жүрүшү алардын тартип коргоо органдары менен байланышын айгинелейт" деп белгилеген.

Тажик парламентарийи өз бийлигине кайрылып, окуянын адилет тергелишине, чындыктын ачыкка чыгышына жетишүүгө чакырды. “Эгерде бийлик кайдыгер кала берсе, анда мындай окуя кайталанып, тажик мигранттарынын коопсуздугуна коркунуч кала берет” деген Усмонзода.

Бул арада 14-майдагы кагылышууда каза болгон тажик жарандарынын ысмы жарыяланды. Алар 1990-жылы туулган Сухроб Хушаков, 1977-жылы туулган Иноят Ризоев, 1974-жылы туулган Сайнуриддин Собиров болуп чыкты. Алардын баары Тажикстандын Рогун шаарынын тургундары экени айтылды.

Хованский мүрзөсүндөгү кагылышууга орус бийлиги жана саясатчылары да реакция жасады. Москванын полициясы массалык мушташты “эки этностон турган кылмыштуу топтун жаңжалы” деп баалады. Ички иштер министрлигинин Москва шаардык башкармалыгынын басма сөз катчысы Софья Хотина мамлекеттик телеканалдарга төмөнкүдөй маалымат берген:

- Полиция токсондон ашуун адамды кармап, суракка алып келди. Адам
өлтүрүүгө шектелип үч киши тергелип жатат. Кармалгандардан ок атуучу куралдар табылды.

Хованскийдеги мушташтан кийин ЛДПРдын лидери Владимир Жириновскийдин уулу Игорь Лебедев Борбор Азия мамлекеттерине виза режимин киргизүүгө үндөдү. Лебедев - Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары.

Орусия парламентинин жогорку палатасы - Федералдык кеңештин коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Евгений Серебренников да Өзбекстан жана Тажикстан менен визалык режимди киргизүүнү колдоорун жарыялады.

Хованский мүрзөсү Новая Москва деген жерде жайгашкан. Ал 1972-жылы ачылган жана Орусиянын борборундагы эң чоң мүрзө болуп эсептелет.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG