Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:34

Депутаттар кымбат креслосуз иш баштабайбы?


Иллюстрация
Иллюстрация

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы 6-чакырылыштын депутаттарына жаңы кресло сатып бергени жатат.

Отургучтарга 2,5 миллиондон ашуун сом жумшалары айрыкча социалдык тармактарда чоң талкуу жаратты жана түркүн какшык сөздөргө жем таштады.

Парламенттеги 5-чакырылыштын айрым депутаттары болсо отургучтар беш жыл ичинде бир канча жолу сынганын айтып беришти.

Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен депутаттыкка жаңы шайланып келаткан Жанар Акаев социалдык тармактардагы баракчаларына креслолордун сатылып алынышына каршы пикирин жарыялады. Анын айтымында, бул коомчулуктун жинин келтире турган көрүнүш:

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

- Мага мисалы 22 миң сомдук отургучтун такыр кереги жок. Мына, парламентке жалаң байлар, олигархтар келди деп жатышат. Ошолор отургучтарын өздөрү көтөрүп барышсын. Кааласа миң долларлык, кааласа 100 сомдук отургуч көтөрүп барышсын. Алардын баарында акча бар. Бизге окшогондорго андай креслонун кереги деле жок. Бул такыр ойлонулбаган, акылга сыйбаган көрүнүш. Муну уккан эл ого бетер кыжырданат. Элде депутаттардын кадыр-баркы кетип бүткөнүн мен жолугушууларда байкадым.

Жогорку Кеңештин жыйындар залындагы азыркы креслолордун абалын көрүп чыгалы деген аракетибизден майнап чыккан жок. Парламенттин маалымат кызматы журналисттерди киргизүүдөн баш тартты. Бул тууралуу парламенттин иш башкармалыгы да азырынча расмий комментарий бере элек.

Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу сайтка кресло тууралуу тендер жарыяланды. Анда отургучтар чымкый булагарыдан жасалып, ары-бери чайпалган ийилчээк жана 120 килограммга чейинки салмакты көтөрө ала тургандай болушу башкы шарт экени жазылган. Креслолорго жалпысынан 2 миллион 600 миң сом жумшалганы жатат.

Биз креслолор боюнча тараганы жаткан 5-чакырылыштын айрым депутаттарын пикирин сурадык. Мисалы “Республика” фракциясынын лидери Максат Сабировдун креслосу бир канча жолу сынган экен:

- Менин креслом үч жолу сынган, үч жолу оңдотуп беришкен. Билбейм, эмнеге, бирок ушундай болгон.

Айнуру Алтыбаева
Айнуру Алтыбаева

Парламенттин 5-чакырылышында “Ар-намыс” фракциясынан тизмеси менен келген Айнуру Алтыбаеванын айтымында, азыркы креслолор сапатсыз:

- Мен көлөмдүү деле адам эмесмин да. Менин катарымда Максат Сабиров, Нурлан Төрөбеков өңдүү сөөк-саактуу үч жигит, афганчылар отурчу. Ал үчөөнүн тең отургучтары сынган. Кийин меники да сынып калганда алар “өзүңүз 50 килограмм болсоңуз да отургучуңуз сынды” деп күлүшкөн эле.

Анткен менен отургучтардын баарын алмаштырууга каршы чыккандар бар. Алардын бири депутат Кожобек Рыспаев муну ысырапкорчулук деп атады:

- Жыйындар залындагы отургучтардын айрымдары сынык, бирок баары эмес. Депутаттардын айрымдары жөн отурбай, кыйшаңдап отурат эмеспи. Ошондуктан сынып калат. Болбосо баарын алмаштыруунун зарылчылыгы деле жок, көпчүлүгү жайында эле. Ысырапкорчулуктун эмне кереги бар? 120 отургучтун баарын жаңы сатып алуунун эмне кереги бар. Көбүнүкү жапжаңы бойдон.

Азырынча Жогорку Кеңеш отурган жана жаңы келгени жаткан партиялар креслолордун сатылып алынышы боюнча расмий билдирүү менен чыга элек. Үгүт маалында шайлоого катышкан партиялар депутаттардын артыкчылыктарын жоюу боюнча бир топ сөздөрдү айтышкан. Айрыкча “Республика-Ата-Журт” партиясынын убадасы чоң болчу.

Партиянын өкүлү Нурлан Шакиев сөзүнө туруп, ириде өздөрүнөн баштай турганына ишендирди:

- Депутаттардын артыкчылыктарын жоюк боюнча сөзүбүзгө турабыз. Буга мыйзамдын же регламенттин кереги жок. Биз өзүбүз баш тартабыз, унааларды минбейбиз, эмнени айтсак, ошону аткарабыз.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жарандык активист Рита Карасартова креслолорду алмаштыруу аракетин жалпы ккыргыз аткаминерине таандык адат деп сыпаттады:

- Ар бир эле мамлекеттик чиновник кайсы бир кызматка келгенде эмнеге ушул даражага чейин жетсем, мага чейинки отурган аткаминердин отургучуна отурушум керек деп ойлойт. Кайсы жерден байкабайлы, жаңы келген жетекчи креслосун, столун алмаштырып, иш бөлмөсүн оңдоп, жаңы эмеректерди коймой адаты бар. Бул биздин кан-жаныбызга сиңип бүттү. Эми депутаттар унааларды алмаштыргыла, бизге чейин айдалган, килемдерди алмаштыргыла, бизге чейин колдонулган экен деп да башташат. Бул биздин жаңы шайланып келген эл өкүлдөрүнүн азыркы абалы.

Шайлоонун айынан Жогорку Кеңештин сентябрь айындагы иши үзгүлтүккө учураган эле. Азыркы чакырылыштагы 120 депутаттан 90у кайра депутат болууну эңсеп, үгүт иштери менен жүргөндүктөн парламенттин мыйзам чыгаруу милдети такыр аткарылбай калган болчу. Мындан улам коомчулукта депутаттар өз милдеттерин аткарбагандан кийин өздөрү жана алардын жардамчы-кеңешчилери айлык акы алууга моралдык укугу барбы деген да суроо кабыргасынан коюлган.

Отургуч тууралуу кабар социалдык тармактарды дүрбөттү

Парламентке жаңы отургуч сатып алуу демилгеси ушул тушта социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Фейсбуктун айрым колдонуучулары өз отургучтарын сүрөткө тартып, “Өз отургучум өзүмө жагат, депутаттар силерге эмне жакпай жатат?” деген аталыштагы флешмоб акциясын да баштап жиберишти. Алардын айрымдарын назарыңыздарга сунуштайбыз.

XS
SM
MD
LG