"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: "Аквамед-Тек" компаниясынын жетекчиси, Фармацевттер ассоциациясынын мүчөсү Эрнис Асанов жана Дары-дармек, медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу департаментинин бөлүм башчысы Жумакан Урмамбетова.
“Азаттык”: Жыл башынан тартып бул мыйзам күчүнө кирди. Сиздер бул маселени өкмөт өкүлдөрү менен талкуулаганга даярбыз деп жатасыздар. Эмнеге мыйзам ишке кире электе бул маселени көтөрүп чыккан жоксуздар?
Эрнис Асанов: Баанын кымбаттап кетерин жана кошумча нарк киргизилерин биз билген да жокпуз. Өкмөт менен бул маселени талкуулаганга да мүмкүн болгон жок. Бул бизге "жаңы жылдык белек" болду. Эгер буга чейин айтылып, талкууласак өзүбүздүн кошумчабызды киргизет элек.
Дары алып келгенде транспорт чыгымы, бажыдагы чыгаша, сертификацияга кеткен каражат эсептелип отуруп жок дегенде салык 12-20% чейин жетет. Андан сырткары бул жактагы чыгымдар, айлык акыны эсептеп отуруп бир дары 50% чейин кымбатташы мүмкүн.
“Азаттык”: Кыргызстанга дары-дармектин көпчүлүк бөлүгү Индия, Орусия, Франция, Кытай, Пакистан, Венгрия сыяктуу өлкөлөрдөн келет да. Дарылардын сапатына көп доомат, сындара айтылат? Алардын сапатын ким көзөмөлдөйт?
Жумакан Урмамбетова: Мамлекеттик саясат боюнча сапатын көзөмөлдөө ишин биздин департамент алып барат. Негизинен мамлекеттик каттоодон өтүп, чет өлкөдөн алынып келинген ар бир дары сертификациядан өтөт. Экспертизадан тышкары лабораториядан сапаты аныкталып чыгат.
2003-жылдан бери өлкөгө дары-дармектин кириши жылдан жылга көбөйүүдө. Ошондой эле бир жылда сапатына ылайык келбейт делип 18,5 млн. сомдук дары базарга чыккан жок.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз: