Бушту «ит» деп атап, аны көздөй эки ботинкасын ыргыткан 28 жаштагы Мунтадар Заид азыр абакта кармалууда. Береги окуя жекшемби күнү Багдадга күтүүсүз келген АКШ президенти Ирактын премьер-министри Нури Малики менен журналисттердин суроолоруна жооп берип жатканда болгон эле.
Президент Жорж Бушка миңдеген ирактыктардын АКШ аскерлерине болгон сезимин билдирген журналист бир түндө мекендештери үчүн «улуттук баатырга» айланды.
«Бул сага ирактыктардын белеги. Бул кош айтып өбүү, иттин баласы! Бул жесир калган алдардардан, жетим калган балдардан жана Иракта жайран болгон маркумдардан!» деп кыйкырган Мунтадер Заиди эки ботинкасын президент Бушту көздөй койо берип жатып.
Араб өлкөлөрүндө кимдир бирөөгө бут кийим ыргытуу адамды кемсинтүүнүн эң жаман түрү деп бааланат. Ал эми «итсиң» деген «жүзү кара», «шерменде» дегенге тете.
Президент Жорж Буш кабарчы залдан алынып кеткенден кийин сөзүн улантып, Муктадардын жосунун саясый укугун билдирүү ирети мүнөздөгөн:
- Ботинкасын ыргыткан жигит жөнүндө айтсам, бул өзүнө көңүл бурдуруунун бир жолу болду. Бул саясый демонстрацияга чыккан адамдардын сага нааразылыгын айтып, кыйкырганыга окшоп кетет.
Мунтадар Заиди бөтөн мамлекеттин башчысын кемсинткени үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратылышы же жалчыбаган акчага айыпка жыгылышы ыктымал.
Журналисттин аракетин Ирак жетекчилиги, анын ичинде Ирак парламентинин кээ бир мүчөлөрү жосунсуз жорук катары сынга алышты. Алардын бири, күрт коалициясынын мүчөсү Абдулла Аллияви журналистти сот жообуна тартууга чакырды:
- Башкаларга үлгү болуусу жана мындай жосун келечекте кайталанбас үчүн бул журналист соттолуш керек. АКШ президентиндей чоң конок АКШлык күчтөрдү Ирактан чыгарып кетүүнү сүйлөшкөнү Ирак өкмөтүнө келгенде журналист жоопкерсиздигин көрсөттү. Биз, парламентарийлер журналисттин сот алдында жооп беришин талап кылабыз.
Бирок, Аллияви сыяктуулардын саны аз гана болду. Дүйшөмбү күнү Мунтадар Заидини бошотууну талап кылган демонстрациялар Багдадда, шииттердин ыйык шаары Нажафта, Багдаддын четиндеги Садр шаарчасында өттү. Айрым жерлерде демонстранттар америкалык аскерлерге бут кийимдерин ыргытып жатышты.
Араб өлкөлөрүнүн гезиттери дүйшөмбү күнкү санынын биринчи бетине учуп келаткан ботинканы көрүп эңкейип жаткан Буштун жана эси чыгып турган премьер-министр Маликинин сүрөтүн басышты. Бул окуяны сателиттик телеканалдар дембе-дем көрсөтүштү.
«Ал-Багдадия» телеканалы Ирак бийликтерин-жаңы режим жана америкалыктар ирактыктарга берген убадага жараша - кабарчыбыз Мунтадер Заидини токтоосуз бошотууга чакырабыз»,- деген кайрылууну башкеңсеси Каирде жайгашкан «ал-Багдадия» телеканалы кайра-кайра берди.
28 жаштагы Заиди, маалыматтарга караганда, алты жылдан берки согушта эки душмандын колунда отуруп чыккан. Ал бир ирет америкалыктар тарабынан кармалган. Былтыр аны ирактык согушчандар кармап кетип, үч күндөн кийин койо беришкен.
Заидинин бир туугандары анын аракетин колдоп, «агабыз баатыр» дешүүдө.
«Миллиондого ирактыктар же дүйнөдөгү миллиондогон адамдар Мунтадер жасаганды же ошол сыяктуу нерсени жасоону калашат. Анын Ирактын элин өлтүргөндөр жана өлкөнү бүлүнткөндөрдөн өч алуудан тартынбаганы үчүн Аллага ырахмат», дейт Мунтадердин бир тууганы Удай.
Заидини Ирактын мурдакы диктатору Саддам Хусейндин башкы адвокаты Калил Дулайми сотто коргоого даяр экенин «ал-Жазиир» телеканалына берген интервьюда айтты.