Алтымыш жыл мурда БУУнун Генералдык аасамблеясы Адам укугунун универсалдуу декларациясын бекитер алдында, анын долбоорун даярдаган комиссиянын төрайымы Елеанора Рузвельт жыйынга мындай деп кайрылган:
-Биз бүгүн Улуттар Уюмунун жана адамзаттын жашоосундагы чоң окуянын босогосунда турабыз. Адам укугунун универсалдуу декларациясы дүйнөдөгү ар бир адам үчүн Магна картасы сыңары түбөлүктүү дөөлөт боло алат.
1215-жылы Англияда кабыл алынган «Магна карта» (Magna Carta) сыяктуу эле Универсалдык декларация II-Дүйнөлүк согуштан кийинки демократиянын өнүгүүсүнө дем берип, улуттук конституциялар менен эларалык келишимдерге негиз болгон.
Декларациянын 30-беренеси сөз эркиндиги, диний эркиндик, чогулуу эркиндиги, билим алуу жана иштөө укугу сыяктуу адамдын негизги укуктарын аныктайт.
Декларация, рекорддорду каттачу Гиннес китебинин ырасташынча, дүйнөдө эң көп которулган ырасмий документ. Ал өткөн 60 жылда өз маанисин кыпындай да жоготкон жок, дейт БУУнун адам укугун коргоо боюнча директору Стивен Крешоу:
-Универсалдык декларациясыз абалыбыз жаман болмок. Универсалдык декларациянын бар экени биз үчүн бүгүн абдан маанилүү. Анын мазмунун өзгөртүүнү каалаган адамдар али да көп. Менин оюмча, жөнөкөй декларациянын мезгил сынына туруштук бергени абдан маанилүү.
Адам укугунун универсалдуу декларациясы Хьюман Райтс Уоч жана башка көптөгөн адам укугун коргоочу уюмдардын жаралышына түрткү берген. Атүгүл Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУну түзүүдө да декаларациянын идеялары колдонулган.
-ЕККУга 35 өлкө 1975-жылы кол койгон Хельсинки финалдык акты негиз болгон. Анткен менен Хельсинки финалдык акты өтө олуттуу уюм жана анын принциптери Адам укугунун универсалдык декларациясына негизделген,- дейт ЕККУнун өкүлү Мартин Несирки.
Универсалдык декларация алтымыш жылда эларалык мыйзамдын ажырагыс бөлүгүнө айланды жана БУУга мүчө өлкөлөрдүн баары тарабынан таанылган. Бирок да, аны сындагандар да бар. Декларация согушуудан баш тарткан жарандардын укугун коргобойт жана БУУнун мүчөлөрү маанилүү документтин жоболорун бузса да, эч кандай жазага тартылбайт, дешет сынчылар.
Пакистан, Иран, Сауд Арабия сыяктуу ислам өлкөлөрү Универсалдык декларация алардын маданият жана диний салттарын эске албайт деп нааразы.