15 миллиард долларлык тез жардам Кошмо Штаттардын эки эң чоң автомобиль жасоочусуна- General Motors менен Chrysler- жети жылдык мөөнөткө берилет. Алгачкы беш жыл үчүн кредиттин жылдык төлөмү 5 процент, калган эки жылга 7 процент.
Конгресс сунуш кылган план боюнча, автомобиль өнөр жайындагы реструктуризация келерки жылдын 31-мартына аякташ керек да, анын жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн өкмөттүн өкүлү дайындалат деп айтылат. Өкүл реформа начар жүрүүдө деп тапса, жардам токтотулат. Ford компаниясы акыркы мүнөттө өкмөттүк жардамдан баш тартты.
Өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелоси Конгресс автоөнөржайын кыйын кезеңде жылгыз калтырбасын, бирок алар тез арада бутуна туруп кетет деген үмүт күчтүү экенин билдирди:
-Бул мыйзам талап кылгандай, реструктуризация болбой жана 31-мартка чейин тармак жанданып кетпесе, салык төлөөчүлөрдүн сарпталган акчасы акталбайт.
Пелосси шашылышта 15 миллиард доллар гана табылганын эскерте кетти. Автожасоочулар 25 миллиард долларга үмүт кылып жаткан. Алар кыш айларында оң жылыштарга жетишсе, өкмөттүн жаңы кредиттине үмүт кылса болот, деп кошумчалады Нэнси Пелоси.
Автожасоочуларга береги кредит октбярда банктарга берилген 700 миллиард доллар жардамга окшош шартта берилмекчи. Атап айтканда, компания жетекчилеринин маянасы чектелет, фондулук биржалардагы далдалчыларга кирешеден сыйлык акча берүү токтотулат, болочок кирешеде өкмөттүн да үлүшү болот жана акционерлерге киреше төлөнгөндөн мурда өкмөттүн карзы кайтарылат.
Сунуш кылган планды Ак Үй колдосо, мыйзам долбоору ишемби күнү Конгрессте колго салынат да, автожасоочулар жардам акчаны 15-декабрдан тартып ала алышат.
Айрым конгрессмендер автоконцерндердин жетекчилери алмашпаса, алар рыноктун катаал шартына чыдабай, өкмөттөн жардам суроосун токтотпойт деген пикирде. Мисалы, Сенатор-демократ Христофер Додд федералдык жардам берилгенден мурда General Motors компаниясынын башчысы Rick Wagoner кызматтан кетсин деп талап кылды.
Конгресстин автоөнөржайды куткаруу планы АКШнын финансы базарына оң таасир этти: дүйшөмбү күнкү сооданын соңку мүнөттөрүндө өлкөдөгү ири өнөр жай ишканаларынын баалуу кагаздарынын өтүмдүүлүгүн көрсөткөн Dow Jones индекси үч процентке өстү.
А бул тушта АКШдагы килейген басмалардын бири- Tribune Company – карызы 13 миллиардов долларга жеткенин айтып, өзүн кудуретсиз деп жарыялады.
Tribune Company - Los Angeles Times жана Chicago Tribune сыяктуу жалпы улуттук гезиттердин, ошондой эле 23 телестанциянын эгеси.