Премьер-министр Григол Мгалобшвили Коргоо, Тышкы иштер жана Билим берүү министрлерин 5-декабрда кызматтан алды. Мгалобшвили беш жума мурда премьер болуп бекитилгенде, Маданият жана Табиятты коргоо министрлерин гана дайындап, жаңы кабинетти өкмөткө кирген оппозициялык партиялар менен масилээтешип түзөм деп сөз берген эле. Мындан улам, экс-спикер Нино Буржанадзе: «Грузиялык аскерлердин августагы жеңилүүсү үчүн ким жооп берет?» деп суроо койгон.
Президент Саакашвили жаңы дайындоолор боюнча бир нече жумадан бери купуя сүйлөшүүлөр жүргөнүн айтып, өкмөттүн негизги милдети элдин турмуш шартын жакшыртуу жана глобалдык финансылык кризистин кесептинен көбөйчү жумушсуздукка жол бербөө экенине токтолду. Бирок, коргоо, тышкы иштер жана билим берүү министрлери менен Улуттук Коопсуздук Кеңешинин катчысынын экономикага кандай тийешеси бар экенин Саакашвили түшүндүргөн жок.
Грузин өкмөтүндөгү акыркы алмашуулардын жайын сурап, «Азаттыктын» Кавказ боюнча талдоочусу Лиз Фуллерге кайрылганымда, ал күтүүсүз өзгөрүүлөр жөнүндө мындай түшүндүрмө берди:
- Анын бир жоромолу бул: президент Саакашвили август айындагы согушта Грузия жеңилип калганы үчүн Коргоо министрине аябай нааразы эле. Согуштагы Грузиянын аракетин эларалык коомчулукка туура түшүндүрө албаганына жана НАТОнун Тышкы иштер министрлери өткөн аптадагы жыйынында Грузияны альянска мүчө болуу планына кошпой койгону үчүн Тышкы иштер министрлерине Саакашвилинин көңүлү толбой жаткан.
Ошентип, 5-декабрда грузин өкмөтү быйылкы жылда төртүнчү жолу олуттуу өзгөртүлдү. Былтыр ноябрда Зураб Ногейдели премьер-министрликтен алынып, ордуна Ладо Гургенидзе дайындалганын эске алсак, министрлер кабинети акыркы 13 айда бешинчи жолу алмашты. Ал эми Тышкы иштер министри быйыл эле төртүнчү жолу алмашып отурат.
Кээ бир серепчилер грузин өкмөтүндөгү тынымсыз алмашууларды президент Саакашвилинин кызуу кандуулугу менен түшүндүрүшөт. Саакашвилинин бул адаты- «Азаттыктын» талдоочусу Лиз Фуллердин баамында- 1980-жылдардын башында Румынияда коммунисттик-диктатор Никалае Чаушескунун министрлерди «чакмак таштай алмаштыруусуна» окшоп кетет.
Грузин коомчулугу министрлерди улам жаңылап турууну кандай колдоору белгисиз. Бирок, Тбилисиде чыкчу «Квириз палитра» жумалыгы 10-ноябрда жарыялаган иликтөөгө караганда, сурамжыланган адамдардын 61 проценти президент Саакашвилинин кадр саясатын жактырбайт.