Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Кулчулук 21-кылымды да ээрчип келди


2-декабрь - кулчулукка каршы күрөшүү күнү. Кулчулукка бардык өлкөлөрдө тыюу салынганы менен, 21-кылымда да 27 миллиондой киши күч менен кармалып, иштөөгө мажбурланып келет. Өзгөчө адам аткезчилиги, сойкулукка сатуу өнүккөн.

“Кулчулуктун жана адамдарды кулчулукка сатуунун бардык түрүнө тыюу салынат”, -деп жазылган Адам укуктары боюнча жалпы Декларациянын 4-беренесинде. Кулчулук деген сөздү укканда дээрлик бардыгыбыз тарых китептериндеги байыркы сүрөттөрдү элестетебиз. Бирок адамдарды сатуу 1800-жылдардын башында жоюлганы менен, 21-кылымда да кулчулукта кармалган адамдарды жолуктурса болот.

Кулчулук – бул психикалык кысым же күч колдонуу менен кимдир бирөөнү акысыз иштетүү. Маселен, дарылануу үчүн акча алып, карызынан кутула албай калган адам жылдар бою жумасына 7 күн иштөөгө мажбур. Же жашы жетелек кыздарды күйөөгө берип, барган жери аларды күнү түнү бекер кызмат кылдырат.

Азыркы дүйнөдө адамдардын аткезчилиги, сойкулукка сатуу өзгөчө өнүккөн. Кулдардын басымдүү көпчүлүгү Түштүк Азиянын Индия, Пакистан, Бангладеш, Непал өңдүү мамлекеттеринде жашайт. 14 жашка чейинки балдарды жумушка албоо мыйзамына карабай, Индиянын эмгек министрлиги берген маалыматка ылайык, өлкөдө 5-14 жаш аралыгындагы 12 миллиондон ашуун бала иштөөгө мажбур.

Европада Румыния менен Болгария Улуттар уюмунун адам аткезчилигинин булагы болгон 11 өлкөнүн тизмесине киргизилген. Болгариянын ички иштер министрилиги 2006-жылдын этегинде билдирегинине караганда, жылына 4-5 миң болгариялык кыз келин адам аткезчилигине туш болот.

Бул маселе Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок. Мектептин ордуна базарда эртеден кечке чейин соода кылып отурууга мажбур балдар же иш издеп чет өлкөлөргө кетип жаткан кыргыздардын аткезчилердин колуна түшүп калган, сойкулукка сатылган учурлар көп жолугуп калды.

Ноябрдын башында бир катар министрликтердин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү адам сатуу проблемасына арналган тегерек үстөл жыйынын өткөрүшкөн. Анда Миграция жана калкты иш менен камсыздоо комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын кор болуп, мекенине кайта албай жүргөн учурлар көбөйгөнүн белгилеген:

- Биздин жаш кыздар сатылып кеткендиги тууралуу фактылар бар. Эмгек мигранттарга айлык акысын бербей аларды кордоп, сабап иштеткен мисалдар көп кездешүүдө. Биз буга жол бербей, ар бир атуулга түшүндүрүп, мамлекет бул көйгөйдүн алдын алыш керек.

Улуттар уюмунун балдар фондусу - ЮНИСЕФ ырастагандай, дүйнөдө 218 миллионго жакын бала жумушчу күч катары колдонуп жүрөт.

Аялдардын саясий талкуу клубунун координатору Калича Өмүралиева өзгөчө жетим балдардын укуктарын коргоо керектигине басым жасайт:

- Бизде баш мыйзамда жазылуу, ар бир бала билим алганга укуктуу деп. Азыр көп балдар мектепти таштап кеткенге аргасыз болуп атышат. Өкмөт ушул көйгөйдү чечиш керек. Андан тышкары жетим балдарга да мамлекет камкордук көрүш керек. Себеби азыр көп кишилер алдамчылык жолго, жаман кадамга барып атышат. “Балдарды багып атам” деп коюп аларды “эксплуатация” кылышып, алардын аркасынын байып атышат. Андай болбошу керек эле.

Эларалык эмгек уюмунун конвенциясында 15 жашка, өнүгүп келаткан өлкөлөрдө 14 жашка чыга элек балдарды иштетүүгө болбойт деп айтылган. Ал эми ден соолукка, зыян келтире турган же коопсуздук, моралдык жүйөөдөн улам, айрым жумушка 18 жаштан кийин гана алса болот.

XS
SM
MD
LG