Соттун төрагасы Евгений Зубовдун билдиришинче, сот мүчөлөрү аларга кандайдыр бир кысым көрсөтүлгөнүн айтышса, жараян жабык өткөрүлөт. Тергөөчүлөр айыпталуучулардын бири Федералдык коопсуздук кызматынын мурдакы офицери экенин айтып, соттун жабык өтүшүн талап кылып жаткан.
Анна Политковская киши колдуу болуп өлгөнгө чейин иштеген «Новая газетанын» журналисттери соттун чечимин оң кабыл алышты. Гезиттин баш редакторунун орун басары Сергей Соколов сот жараяны коомчулукка укук коргоо органдарындагы былыктар менен таанышууга мүмкүндүк берет деген ишеничте экенин билдирди «Азаттык» радиосуна:
-Бийлик жана коом бул жараяндын негизинде укук коргоо системасындагы, атайын кызматтардагы абал жөнүндө тыянак жасоого тийиш.
Сот 18-ноябрда башталат. Сергей Хажикурбанов, ошондой эле бир туугандар Жабарил жана Ибрагим Махмудовдор журналисти өлтүрдү деп айыпталса, Павел Рягузовго кызмат укуктарын ашыкча пайдаланды жана опузалап-коркутту деген айып тагылууда. Тергөөчүлөр Политковскаяны өлтүрдү деген Рустам Махмудовдун ишин сот өзүнчө карамак болду.
Тергөөчүлөрдүн билдиришинче, Политковскаяны аткан адам Россиядын чыгып кеткен. Ал эми заказчы ким экенин тергөө тактай элек.
Жабраил Махмудовдун адвокаты Мурат Мусаев тергөөнүн жыйынтыгын нукура «көз боемочулук» деп эсептейт:
- Иш жүзүндө аткаруучулар да, заказчылар да, кылмышка тиешеси бар адамдар да табылган жок. Кылмышкер деп сот алдында жооп бергени жаткан адамдарга башка бирөө жасаган иштин жоопкерчилиги жүктөлүүдө.
Адвокат Мусаев өз сөзүндө Махмудов божомолдордун негизинде киши өлтүргүчтү ташыган деп айыпталып жатканын да кошумчалады.
Жабыркоочу тараптын адвокаты Анна Савицкая негизги жоопкерлер табылбай калганына көңүл бурат:
- Бул иште эң негизги фигуранттар: кылмышты каржылаган заказчылар менен аткан адамдар табылган жок.
Ушундан улам, жабыркоочу тараптын адвокаты Анна Политковскаяны атып өлтүрүү боюнча тергөө аягына чыкты деп санабайт жана тергөө токтоп калышына жол бербеш керек дейт.