Айрымдар форум исламды түшүнүүгө жардамдашат деп үмүт кылышат. Ошол эле учурда Сауд Арабиясында диний эркиндик жок экенин айтышып, ырасмий эр-Рияд эларалык жыйынды өз абрюн көтөрүү үчүн пайдаланат деп сындашат.
2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорктогу Дүйнөлүк Соода Борборун учак менен сүздүрүп, америкалыктардын алган чабуулга саудиялык 15 жанкечти катышканы айтылып жүрөт. Эми келип Нью-Йорктогу Улуттар Уюмунун имаратында өтчү «Тынчтыктын маданияты» деп аталган форумга Саудиянын падышасы Абдулла демилгечи болду. Жыйынга АКШ президенти Жорж Буш, Жакынкы Чыгыштан Израилдин президенти, Палестинанын өкмөт башчысы, Иорданиянын падышасы, Филиппин, Финляндия, Пакистан болуп, 70 чамалуу өлкөнүн башчылары катышат.
Диндер аралык диалогго арналып, июнда Мадридде өткөн жыйын да Падыша Абдулланын демилгеси менен чакырылган. Ал мартта Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Папа менен жолугуп, удаа эле Меккеде сунни жана шиит диниятчыларын кездештирген.
Анткен менен, Саудияда башка диндерге уруксат берилбегенин айтып, Улуттар Уюмунун баш кеңсесинде өтчү диндер аралык конференцияга Абдулланын төрагалык кылуусун сындагандар бар.
Нью-Йорктогу форумга Каирдеги атактуу ал-Аскар мечитинин башимамы жана ал-Асхар университетинин башкы шейхи Мухаммад Сайид Танави башындагы мисирлик динаятчылар да катышат. Шиит диниятчылары жыйынга келеби, белгисиз.
Азыркы форумга Саудиянын көрүнүктүү уламалары, анын ичинде баш муфтийи чакырылбады. Падыша Абдулла төрагалык кылган Мадриддеги жыйынга да алар катышкан эмес.
Ошондуктан, Нью-Йорктогу конференция Саудияда диний эркиндик жок экенине карабастан, падышалыктын диний телерантсыздыкка каршы күрөшкөнүн таанып жатат, деди Кошмо Штаттардын Диний эркиндик боюнча комиссиясынын төрагасы Фелиз Гайер айым өткөн аптада «Фокс ньюс» телеканалынан сүйлөп.
Сауд Арабияда исламдын вахабий агымы ырасмий таанылган. Вахабийлер бөлөк диндердин өкүлдөрүн «кайриддиндер» деп, алар менен алака түзүүнү көп каалашпайт. Шииттер менен да мамилеси начар.
Кээ бир саудиялыктар Нью-Йоркто өтчү эларалык жыйын ислам экстремисттери үчүн чоң сокку болот деп санашат. «Бирок, билим берүү жана маалымат тармагын, меичттер менен көчөлөрдү отуз жылдан бери контролдогон эскичил динаятчылар ар кандай реформага каршы», деген Саудиянын Уламалар кеңешинин мүчөсү Мохаммед аз-Зулфа Ройтерс агенттигине.