Мянманын лидери генерал Тан Шве өз макулдугун Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун менен сүйлөшкөндөн кийин гана берди. “Наргис” тропикалык ураганы алай-дүйлөй түшүп жаткан кезде Пан Ги Мун телефон аркылуу генерал менен байланыша албай койгон. Бирок бүгүн Пан Ги Мун жана Тан Шве Найпьидо шаарында масилеттешти.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын Пан Ги Мун жетишкендик катары баалады.
-Мянманы башкарган генерал Тан Шве өлкөгө жардам көрсөтчү бардык кызматкерлерди алардын улутуна карабай киргизүүгө макул болду. Бул суроо боюнча ал өз ийкемдүүлүгүн көрсөттү.
Адатта чет өлкөлүктөрдү өлкөгө киригизүү боюнча эпке келбеген Мянманын аскер бийлиги үчүн бул - өзгөчө кадам.
Мянманы башкарган генералдар 134 миңден ашуун адам курман болуп же жоголуп жаткан кезде гуманитардык жардамдарды кечеңдеткендиги үчүн эл аралык коомчулуктун кескин айыптоолоруна тушугушкан.
Ушуга чейин өлкө гуманитардык жардам жүктөлгөн учактарды кыйылып жатып кабыл алганы менен, Мянмага чет өлкөлүк дарыгерлерди киргизбей жаткан. Ошол эле маалда 2.5 жарым миллиончо адам таза сууга, тамак-ашка жана дары-дармектерге өтө муктаж абалда турушат.
Гуманитардык уюмдардын талдоочулары жардам тез аранын ичинде көрсөтүлбөсө, миңдеген адамдар оорудан же ачкачылыктан өлүп калышы ыктымалдыгын эскертишүүдө.
Ушуга чейин мянмалык хунта эл аралык коомчулукту жана өз элин баарын көзөмөлдөп жаткандыгына ишендиргиси келген.
Генералдар атүгүл урагандан кийинки куткаруу иштеринин убактысы бүтүп, эми аймакты калыбына келтирүү иштери башталгандыгын айтып чыгышкан.
Мянманын бийлиги БУУнун баш катчысынын бороондон запкы жеген өлкөгө болгон сапарын кылдаттык менен көзөмөлдөдү. Пан Ги Мун өзү баргысы келген аймактарды картадан белгилеп көрсөткөндө, генералдар убакыт жок деп жооп кайтарышкан.
Пан Ги Мун “Наргис” циклону жайпап кеткен Ирравади дельтасын бойлой учуп, көргөндөрү боюнча мындай деди:
-Мен көргөндөрүмө өтө капамын. Бунун баары өтө аянычтуу. Көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылган, тамдар ураган, жолдор жана көчөлөр суу менен жуулуп кеткен, бардык күрүч шалылары суунун астында калган. Мен быйыл түшүмүнөн куру кол калган дыйкандардын келечеги боюнча өтө кооптонуп турам.
Бүгүндөн тарта Мянмага чет өлкөлүк дарыгерлер жана башка гуманитардык уюмдардын кызматкерлери кире алышат. ЮСАИД бул “үмүттөндүргөн” чечим экендигин билдирди.
Бирок дагы да болсо, куткаруучулар жана дарыгерлер бир гана Янгон аймагында жүрө беришпей, Иравадди дельтасына барууга да үмүт этээрин айтышууда.
Эксперттер генералдар эшикти кененирээк ачканы менен абал көп өзгөрбөгөнүн белгилешүүдө.