Серж Саркисян 53 %ке жакын добуш менен жеңди. Экс-президент Левон Тер-Петросян 21, 5 %, парламенттин мурдакы төрагасы Артур Багдасарян 16, 6 % добуш алды.
БШКнын мындай маалыматына оппозициячыл төрт талапкер ынанбады. Алар бийлик добуштарды Саркисяндын пайдасына кошуп жазганын, жалгама бюллетендерди колдонгонун, добуштар акчага сатып алынганын айтып, нааразылык билдиришти. Атүгүл Тер-Петросян чынында жеңиш аныкы экенин, шайлоо күнү командасынын мүчөлөрүнө кол салуулар жана коркутуп-үркүтүүлөр болгонун айтып чыкты. Анын миңдеген тарапкерлери шаршемби күнү БШКнын алдында нараазылык акциясын да өткөрүштү.
Тер- Петросян шайлоону “уятсыз“ деп атап, жеңишке жетмейин күрөштү улантууга чакырды: «Аягына чейин күрөшөбүз, күрөшөбүз!” Демонстрацияга шашылыш жайгаштырылган полиция күчтөрү көз салып турду.
Бийликтер шайлоо калыс болду деп, оппозициянын айыптоолоруну четке какты. ЕККУнун байкоочулар тобу - “шайлоо негизинен Армения тааныган эларалык келишимдердин чегинде” өткөнүн билдирди.
ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары (ODIHR) боюнча Варшавадагы кеңсесинин өкүлү Йенс- Хаген Ешенбахер Армениянын бийликтери мурдакы шайлоолордогу кемчиликтерден качуу үчүн бул жолу катуу аракет кылышканнын белгиледи:
-Анткен менен, биз азыркы шайлоо учурунда байкаган айрым катачылыктарды оңдоо зарыл. Алар: шайлоо өнөктүгүнө элдин ишенбөөсү, мамлекет менен партиянын вазийпасы ортосундагы анык чектөөнүн жоктугу. Ошондой эле добуштарды эсептөө кызыкдар жактар арасындагы ишенбөөчүлүктүн азайуусуна таасир этпегенин аныктадык.
Ешенбахер мониторинге алынган шайлооканалардын 16 процентинде добуштарды саноодо кемчиликтер болгонун да кошумчалады. Алардын негизгилери: бюллетендерди жараксыз деп табуунун бирдиктүү жобосу жок, санак учурунда чөнтөк телефондор колдонулган, добуш берүүнүн жыйынтыгы ачык жайга илинбеген.
ЕККУнун миссиясы жыйынтыктоочу баасын жакынкы жумаларда жарыялайт. Ага дейре Арменияда калып, даттанууларды иликтеп, шайлоонун отчетун түзүүгө байкоо салып турмакчы.
Сүрөттө: Армениянын жаңы президенти Серж Саркисян