Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:03

ООГАНСТАНДАГЫ СОГУШТУН ЖАНА КЫШТЫН АЗАБЫ


Ооганстанда аягы көрүнбөгөн согуштан улам мамлекет катары түптөлбөй калуу коркунучу бар экенин жакында эларалык үч уюм, анын ичинде Британиянын Oxfam жана АКШнын Президенттикти изилдөө борборлору эскертишкен эле. 17-февралда Кандагар шаарында 80 ашуун адамдын өмүрүн алган жардыруу “Хамид Карзайдын өкмөтү өлкөдө коопсуздукту камсыздай алабы?” деген суроону күчөттү. Анткен менен, айрым оогандар соңку алты жылда турмуш бир кыйла оңолуп калганын айтышат.

Талиптер тушунда Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарында бир да кыз мектепке барчу эмес. Алты жыл мурда АКШлык күчтөрдүн жардамы менен бийлик алмашкандан тарта жагдай өзгөрдү.

Азыр Мазари-Шарифтик 4 миңден ашуун кыз Нафиза Гыязы башындагы мектепте окуйт. Нафиза айым жардылыкка, жумушсуздукка, кооптуу жагдайга карабай, жашоо талиптер замандагыдан бир кыйла жакшырып калды дейт:

-Биз бейүмүт болбошубуз керек. Жагдай азыр жаман эмес. Кудайга шүгүр, коопсуз элебиз. Мисалы, мен аял болсом да башкалар сыяктуу өз машинем менен ооруканага, базарга жана досторумдун үйүнө бара алам.

Акыркы алты жылда Ооганстанда эркин маалымат каражаттары да пайда болду. Кабулдык журналист Галем Федайинин айтымында,Ооганстанда азыр 16 телестанция, 1374 басылма, 70тей радиостанция, анын ичинде FM радиосу да бар. Алардын көпчүлүгү өкмөткө карабайт. Мурда кабелдик телевидение да жок болчу. Азыр 36 кабелдик телеканал бар.

Ырасмий маалыматтар боюнча, Ооганстанда 2001- жылдан бери кеминде 3 миң чакырым кан жол кайра курулду.

Элдин 80 проценти дарыланууга мүмкүнчүлүк алышты. 5 миллион качкын мекенине кайтарылып, алардын ар бир бешинчиси Улуттар Уюмунун жардамы менен үйлүү болушту. Ага карабай, мекенине кайтып келген миллиондогон качкындарда не үйү, не жумушу жок. Алардын бири 40 жаштагы Мухаммед Ибрагимдин үй-бүлөсү Кабыл аэропортунун четиндеги тунике-фанерден куралган алачыкта күн көрүшөт. Ибрагимдин өсүпүрүм жаштагы кызы үй-бүлөсүнүн жагдайын мындай сүрөттөйт:

- Күн аябай суук. Биз жашаган алачык үй муздай суук. Колуңду дубалга тийгизсең, манжаларың ага жабышып калат. Биздин үйдө жыйган-терген эч нерсебиз жок. Менин буткийимим, башка кийим кечем да жок. Үшүп жатам.

Козголоңчулардын чабуулдары бозгундардын санын дагы көбөйтүүдө. Соңку бир жылда уруштан улам Гелманд, Урузган, Кандагар провинцияларында миңдеген адамдар там-жайын таштап кетти. 300дөй мектеп жабылды.

Ооганстандын Түштүк жана Чыгыш бөлүгүндө 140 чакты мектеп өрттөлдү, 80ге жакын мугалим набыт болду. Анын кесепетинен 6 миллиондой бала окубайт.

Кооптуу жагдай жаңы жумуш орундарын ачууга да залакасын тийгизүүдө. 2006-жылы жеке ишкерлер өлкөгө 1 миллиард доллар инвестиция салса, азыр анын көлөмү дээрлик эки эсеге азайган.

XS
SM
MD
LG