Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

БАТЫШ МЕНЕН ОРУСИЯНЫ АРАЗДАШТЫРГАН ШАЙЛОО ЧЫРЫ


Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУнун шайлоолор боюнча кеңсеси, Москва койгон шартка чыдабай, Орусияда болчу президенттик шайлоого байкоочулар миссиясын жиберүүдөн баш тартты. Демейде, Батыш миссиянын баасына таянып, экс-советтик мейкиндиктеги шайлоолордун калыс жана эркин өткөнүн аныктайт. Байкоочулар Орусияга жана анын коңшуларына кысым катары колдонулат деген Кремль эзели топтун ишине нааразы.

Батыш менен Орусияны араздаштырган жаңы чырга - 2 мартта болчу президенттик шайлоо негиз болду. ЕККУнун Демократия институттары жана адам укуктары боюнча бюросу байкоочуларын 15-февралдан кечиктирбей Орусияга баруусун каалаган. Москва алардын 20-февралдан эрте келишине макул болбоду. Тышкы иштер министри Сергей Лавров 7-февралда ЕККУнун бюросун шайлоого байкоо салуунун эрежесин алмаштырууга аракет кылды деп күнөөлөдү:

-Бюро өз эрежесин иштеп чыккан. Анысы бүтүндөй жабык. Бюронун байкоочулар шайлоодон бир ай илгери барат, деп көшөрө жана орой талап кылганы түшүнүксүз. Алардын эмне кылары белгисиз…

Бюро башчы Христиан Штрогал бейшемби күнү “Азаттыкка” берген интервьюда, 2004-жылкы президент шайлоодо байкоочулар Орусияга эрте келишип, эч кандай чектөөсү жок иштешкенин айтып, Лавровдун сөзүн четке какты:

- Төрт жыл илгери бул чектөөнүн бири да жок иштегенбиз. Байкоо толук болсун үчүн шайлоо болордон бир айдан ашуун убакыт мурда келген топ жана кыска мөөнөткө келген бир нече жүз байкоочу менен кеңири кызматташып турганбыз. Орусия биздин уюм менен ошондогудай кеңири кызматташууга жол табат деп үмүт кылам.

Штрогал байкоочулар өз милдетин аткара албай калганы үчүн өкүнүү менен, Орусиядагы жагдай жакында шайлоо өткөн же өтчү экс-советтик өлкөлөрдөгүдөн алда канча татаал экенине да токтолду:

-Биз шайлоону байкоо вазийпасы менен Өзбекстанда, Кыргызстанда, албетте, Грузияда да болгонбуз. Азыр Армениядагы шайлоо өнөктүгүнө байкоо салуудабыз. Алардын биринде дагы байкоочулар миссиясын жайгаштырууда кыйынчылыктар менен чектөөлөргө кездешкен эмеспиз.

ЕККУнун парламенттик ассамблеясы да Орусиядагы президенттик шайлоо калыс өтүүсүнө шарт жок деп, байкоочуларын жиберүүдөн баш тартты. Декбардагы парламенттик шайлоону да ушундай негизде жээрип койгон. Эми жалгыз гана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы калды. Анын кандай чечим кабыл алары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG