Маалыматка караганда, Сайед Первез Камбакш “Курандын аялдарды кемсинткен аяттары” деген макаланы студенттерге таратып жүргөндө кармалган. Сайеддин бир тууганынын “Азаттык” радиосунун кабарчысына айтышынча, агасы макаланы Интернеттен көчүрүп алган. Бирок, Мазари- Шариф шаарынын соту 22-январда журналисти күнөөлүү деп таап, жогорку жазага тартты. Бул кабардан кийин адабий ысмы Араш Бекуда деген ирандык студент “Фарда” радиосуна чалып, береги макаланы ал жазганын жана өз сайтына эбак жайгаштырганын билдирди. Бекуда перс тилинде кудайсыз дегенди билдирет. Камбакшты сотко алып барган макала Ислам дүйнөсү кабылган өтө маанилүү проблеманы ачыкка чыгарды, дейт Бекуда :
-Бул макалада, аялдарды кемсинткен Курандын аяттарын пайдалангам. Мисалы, аялдын алдындагы эркек кишинин мыйзамый жана социалдык артыкчылыгын же эркектин бир нече аял алуу укугун көрсөткөм. Курандын мындай аяттары эларалык мыйзамдарда аныкталган адам укуктарына ачыктан ачык каршы келет.
Бекуда өз өмүрүнө чочугандыктан, Европанын кайсы өлкөсүндө окуган айтпады.
Балх провинциясынын башпрокурору Хафизулла Калыкяр “Азаттыкка” берген интервьюда, Камбакш макаланы таратып жана Куранды натуура чечмелеп, Исламды маскаралаганын, сот шариятка ылайык жүргөнүн айтты. Ал ошондой эле кайсы бир журналист Камбакшаны коргосо, камакка алынарын кошумчалады. Соттун өкүлү журналист кылмышын мойнуна алганын, ага ооган президенти Хамид Карзай гана мунапыс бере аларын билдирди. Журналист макаланы жаздым дегенби же аны таратып күнөө жасадым дегенби, анысы белгисиз.
Ооганстандык Абдулла Атайи шарият боюнча эксперт. Анын түшүндүрүшүнчө, Камбакш макаланы мен жазбадым десе, аны шарият боюнча соттоо мүмкүн эмес: .
- Айыпкер макаланын авторлугун мойнуна албай, ага шилтеме жасалганына ынанбаса, сот аны шарият боюнча жазага тарта албайт. Журналист макаланы жаздың деген доону четке какса, аны камоого же тергөөгө, атүгүл анын күнөсүн далилдөөгө аракеттенүүгө эч кимдин укугу жок.
Бейшемби күнү Улуттар уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясы Камбакшаны өлүм жазасына тартууга байланыштуу тынчсыздануу билдирди.