Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:02

ИРАК УБАКТЫЛУУ ЖЕЛЕКТҮҮ БОЛДУ


22- январда Ирак парламенти бир нече айга созулган талаш- тартыштан кийин өлкөнүн убактылуу жаңы желеги бекитилди. Күрт азчылыгы Саддам Хусейн доорунан келген желек зулумдуктун символу деп, желекти өзгөртүүнү талап кылып жаткан. Парламент эми Ирактын жаңы желегин бир жылдын ичинде кабыл алыш керек. Cерепчилер Ирактын желеги боюнча эл өкүлдөрү арасында бир пикирдин жоктугу- коом элдешүүгө али алыс экенин күбөлөйт дешет.

Ирактын улуттук желеги боюнча шейшемби күнкү добуш берүүнүн жыйынтыгын парламент төрагасы Махмуд ал- Машхадани билдирди:

-Ирактыктар, сиздердин парламентиңиздер - туруктуу желек кабыл алынганча конституциялык жана бейөкмөттүк мекемелер үстүндө желбиречү желекти бекитти. Желек бүгүндөн баштап көтөрүлөт.

Парламенттеги 165 депутаттын 110у жаңы желекти колдоду. Радикалдуу шиит диниятчысы Муктада ас- Садрга ишенимдүү 30 депутат убактылуу желектин эски желектен көп деле айрымасы жок, ошон үчүн туруктуу желек иштелип чыкканча күтө туралы деп, сунушка каршы добуш берди.
Парламенттин мындай чечими коомчулукта улуттун элдешүүсүн карай жасалган кадам катары бааланды.
Ал- Машхадани жаңы желек мурдагыдай эле кызыл, ак, кара өңдүү болсо да, анын бетинде Сааддамдын доорундагыдай башкаруучу БААС партиясынын идеологиялык символу болгон үч жылдыз жок экенин белгиледи:

-Желектен БААС партиясынын идеологиялык символу: биримдик, эркиндик жана социализмди билдирген үч жылдыз алынып салынды. Анын бизге кереги жок.

Жаңы желекте “Алла акбар” же “Алла улук” деген келме мурдакы бойдон калтырылды. Ирактын мурдакы президенти Саддам Хусейндин колу менен жазылган келме желекке 1991- жылкы Перс булуңундагы согуш маалында түшүрүлүп, бирок ал бийликтен кулатылгандан кийин арабдардын эзелки куфи жазуу ыкмасы менен кайра жазылган.

Күрттөр желектеги үч жылдыз Саддамдын зулумдугунун символу деп, аны 10- мартта Ирбил шаарында өтчү Араб өлкөлөрүнүн жыйыны учурунда башка өлкөлөрдүн байрактары менен чогуу илүүдөн баш тартып жаткан. Бул жыйын 2003- жылы АКШ баштаган күчтөр Иракка басып киргенден берки Араб мамлекеттеринин алгачкы чоң жыйыны болот деп күтүлүүдө.

Маалыматтарга караганда, күрттөр “Ала Акбар” деген жазууну сары өң менен жазууну да талап кылышкан. Сары өң- күрттөрдүн симолу эсептелет. Бирок, “Алла акбар” деген келме сары жибек менен жазылса, жакшы көрүнбөй да, окулбай да калгандыктан, сунуш депутаттар арасында колдоо тапкан эмес.

Эми Ирак парламенти өлкөнүн жаңы желегин бир жыл ичинде кабыл алышы абзел.

XS
SM
MD
LG