Мамкатчы Кондолиза Райс Багдадга учуп келер замат Ирактын премьер-министри Нури Малики, андан соң тышкы иштер министри Хошяр Зебари менен жолугушту.
АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз өкүлү Гордон Жондроу билдиргенге караганда, Райстын визити Ирак парламентинин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн жана өлкөдөгү саясый элдешүүнү колдоого багытталган.
Ишемби күнү Иран парламенти Адилеттүүлүк жана жоопкерчилик жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган эле. Көптөн күтүлүп жаткан бул мыйзам Саддам Хусейндин БААС партиясынын орто даражалуу мүчөлөрүнүн чиновниктик жана аскерий кызматтарга орношуусуна кеңири жол ачат.
Вашингтон Нуринин өкмөтүнүн соңку бир жылда кыйла оңолуп калган коопсуздук жагдайын шиит көпчүлүгү менен сунни азчылыгын элдештирүү үчүн пайдалануусун да каалайт. Президент Буш өткөн жумада Жакынкы Чыгышка эми келгенде Ирактагы кырдаалды мындайча мүнөздөгөн:
-Ирак азыр бир жыл мурдагыдан такыр башка. Алдыда көп оор иштер бар, бирок, зобун-зордуктар өлкөдө кескин азайды. Багдаддын элинде да үмүт пайда болду. Өлкөнүн шаар-кыштак элинде да үмүт пайда болду.
Былтыр эле Иракта жарандык согуш чыгып кетет деген кооптонуу өтө күчтүү эле. Уруштун мизи өлкөгө америкалык аскерлер кошумча киргизилгенден кийин гана кайтты. АКШ жетекчилиги Ирактагы саясый күчтөр тез арада өз ара ынтымакка барбас, өлкөдө жаатташтык согушу кайра күчөйт деп чочуйт. Ошон үчүн, Жорж Буш Адилеттүүлүк жана жоокерчилик жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышын Ирактын саясый лидерлеринин чогуу аракетенүүсү үчүн жакшы жышаан деп атаган. Буш ишемби күнү Кувейтте болгондо, Ирактагы кырдаалдан улам, өлкөдөгү америкалык аскерий бригадалардын санын бешке кыскартылаарын билдирген. Азыр Иракта АКШлык 20 бригада бар.
Кошмо Штаттары Ирак парламенти улуттук элдешүүнү тездетчү башка да мыйзамдарды да создуктурбай кабыл алуусун каалайт. Алардын эң маанилүүлөрү: Провинциалдык шайлоолорду өткөрүү, өлкөнүн мунай- газ байлактарын түрдүү этникалык жана диний топтор арасында бөлүштүрүү боюнча мыйзамдар.