Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:44

ИРВИН СТЕЛЗЕР: МУНАЙ ЖАНА АВТОРИТАРИЗМ КОЛМО-КОЛ ЖҮРБӨЙТ


Мунайдын баасы 2004-жылдан бери токтобой өйдөлөөдө. 2-январда бир баррел кара майдын баасы 100 АКШ долларына чыгып, кайра төмөндөдү. Кымбатчылык мунайы мол өлкөлөрдү байтып, элдин жашоосун жакшыртканга мүмкүндүк берет. Ошол эле бийликтеги элита эпсиз байыган учурлар да арбын. Атүгүл экономиканын башка тармактарынын өнүгүүсүнө жолтоо да болот. Мына ушул теманын тегерегинде АКШдагы Гудзон институн Экономикалык саясат борборун жетектеген Ирвин Стелзер “Азаттык” радиосу менен ой бөлүшкөн.

Мунайды тегин жерден кара алтын деп айтышпайт. Мунайга таянып, Венесуэланын популист-президенти Уго Чавес Куба, Боливия, Никарагуа жана Кариб бассейниндеги таасирин бир кыйла бекемдеп алды. Айрым демократтар мунай менен газ Орусия, Азербайжан, Түркмөнстанда авторитардык бийликтин бекемделишине өбөлгө болду дешет. Бул пикирге белгилүү эксперт Ирвин Стелзер толук кошулбайт. Түндүк деңизинде мол мунай кору бар Британия менен Норвегия демократиялуу өлкө бойдон калышууда. Бийликтин коррупцияланышына казынага колун салган элита күнөөлүү,-дейт ал:

-Кайсы жерде башкаруучу класс коррупцияланган болсо жана өз кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, өкмөттүк иштен көрө Франциянын түштүгүндө тамдуу болууну көбүрөөк ойлосо, анысы менен коррупциячыл режимге жөлөк болот .

Таанымал эксперттин сөзүнө караганда, мунай - газдын куну өсүп турган чакта улуттук валюта өзгөчө күчтүү болуп кетет да, экономиканын тышкы базарга багытталган башка тармактарынын өсүшүн басаңдатып койушу ыктымал:

- Мунайдан түшкөн киреше улуттук акчаны өтө кубаттуу кылып, анын кесепетинен тышкы базарга товар чыгарган өнөр жай ишканалары өнүгө албай калат. Мунайдоллары агып келип жаткан өлкөлөр оболу улуттук акчанын ашыкча бааланып кетишин токтотушат. Бул металлургия же мунай-химиялык өнөр жайынын дүйнөлүк базардагы атаандашуусуна бөгөт болот. Норвегия бул балакеттен кор түзүп сактанды. Алтурсун Орусия да мунай арзандап кеткенде пайдалануу үчүн атайын кор ачты. Бирок, коррупцияга каршы этият күрөшпөсө, ал экономиканы муунтуп салат.

Стелзердин айтышынча, авторитардык бийликтер мунай-газ байлыктарын сарамжалдуу пайдаланбаган учурда да, коомдо орто класс пайда болот. Бул өкмөттү либералдык кадамдарды жасоого түртөт. Ошентсе да, Орусия менен Кытайда орто класс пайда болуп, бирок, демократия кеңири кулач жайып кеткен эмес.

XS
SM
MD
LG