Жорж Буш палестиналык - израилдик тынчтык келишимине бир жыл ичинде кол коюлат деп ишенет. Анын себебин бейшемби күнү Батыш Иорданда Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас менен жолуккан соң мындай түшүндүрдү:
--Бул мүмкүн экенине ишенем. Бул мүмкүн, атүгүл болчу иш: тынчтык келишимине мен кызматтан кеткенче кол коюлат. Буга ишенем. Себеби, Израилдин премьер- министри жана Палестин өкмөтүнүн төрагасы менен жолукканда келишимди кол коюйууга чакырган үндөрдү уктум.
Буштун тарапкерлери анын мындай аракетин колдошкону менен, анын жүзөгө ашары күмөндүү дешет. Даниэлле Плетка Вашингтондогу Аmerican Interprise институтунун вице- президенти. Анын пикиринде, палестин өкмөтү террорчул уюмдарды контролго алмайын, Буштун сөзү куру кыял бойдон кала берет:
-Бул такыр реалдуу эмес деп ойлойм. “Жол картасынын” негизги шарттары аткарылбады. Палестиндер террорчул уюмдарды контролго алыш керек. Хамас менен ФАТАХ да чоң маселе. Махмуд Аббастын ФАТАХына кирген “ал-Аксанын азапкөйлөр бригадасы” адамдарды өлтүрүп, террорчулукту улантууда.
Плетканын айтымында Буштун администрациясы- тынчтык келишими деп, анын маанилүү факторлоруна: Палестинанын экономикасына, өкмөттүн социалдык ишмердүүлүгүнө, эл алдындагы жоопкерчилигине этибар бербей жатат.
Башка бир америкалык эксперт Жэймс Филлипс да Даниэлле Плеткадай эле Буштун тышкы жана коргоо саясатынын жактоочусу. Ал да үстүбүздөгү жылы Палестин - Израил ортосунда тынчтык келишими түзүлөрүнө ишенбейт. Бирок, Буштун опптимистик маанайда болушу үчүн чоң жүйө бар дейт:
-Менин оюмча, (Буштун) администрациясынын Жакынкы Чыгыштагы аудиториясы кенен. Угармандарга Ирандын таасирин чектөөнү каалаган жана Ирактын камоодогу өкмөтүн колдогон өлкөлөр кирет. Бул өлкөлөрдүн жетекчилиги региондо тынчтыкка жол бар жана тынчтык жараяны жүрүүдө деген сөздү угууну калашат. Бул алардын Иранга жана ислам экстремизмине каршы АКШ менен кызматташуусун саясый жактан актоого мүмкүндүк берет.
Жэймс Филлипс- Вашингтондогу Heritage фондунун талдоочусу.