Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:51

ПАКИСТАН «НЬЮ-ЙОРК ТАЙМС» ГЕЗИТИНИН КАБАРЫН ЖОККО ЧЫГАРДЫ


АКШ аскерлери Пакистан уруулары башкарган аймактарда “ал-Каида” менен талиптерге каршы жашыруун операцияларды күчөтүшү мүмкүн экенин “Нью-Йорк Таймс” гезити жекшемби күнү жазган эле. Андай аракеттерге берилбесин Пакистандын тышкы иштер министрлиги дүйшөмбү күнү билдирди. Бул эки кабар, серепчилердин айтымында, Вашингтон менен Исламабад ортосунда жүрүп жаткан курч саясый дебатты чагылдырат.

Пакистандын Ооганстанга чектеш региону жергиликтүү уруулардын ээлигинде. Регион “ал-Каиданын” ана башы Осама бин Ладендин, анын орун басары Айман Завахиринин жана талип согушчандарынын түнөк жайы саналат.

7- январда ырасмий Исламабад АКШлык күчтөр Түндүк Батыш чек ара аймактарында атайын операцияларды күчөтүшү ыктымал деген “Нью-Йорк Таймс” гезитинин кабарын “жөнсүз кеп” катары четке какты жана чет элдик күчтөрдүн Пакистан жеринде аракеттенүүсүнө жол берилбесин эскертти. Бул эки кабарды серепчилер Пакистандагы кырдаалга байланыштуу Вашингтондо жүрүп жаткан талкуунунун туундусу деп баалашты.

2006- жылдын январында эле америкалык күчтөр Пакистан урууларынын башкаруусундагы аймактарга абадан сокку урганын маалымат каражаттары кабарлашкан. Атүгүл, Пакистан өкмөтүнүн ырасташынча, аба чабуулунда 18 жаран курман болгон. Бул маалыматты британиялык эксперт Майкл Гриффин да тастыктайт:

-Пакистанда Кошмо штаттардын Атайын операция өткөрчү күчтөрү бар экени, алар 2006- жылы бин Ладен менен Завахирини издөөдө бир кыйла эркин аракеттенгени анык.

Вашингтондогу саясатчылардын бир тобу Пакистандын чек ара аймактарында аскерий жана чалгындоо иштерин дагы күчөтүү керек деп эсептешет. Экинчи топтогулар Пакистанда демократияны дагы жайылтуу керек, элдин ишениминен чыккан Мушаррафтын ордуна татыктуу башка бирөөнү табуу зарыл дешет.

“Нью- Йорк Таймс” гезити 7-январдагы санында Вашингтондо генерал Ашфак Первез Кыянини өлкөнү кризистен чыгаруучу инсан катары көрүшөт деп жазды. Кыяни - Пакистан армиясынын штаб акими. Бул кызматка аны ноябрда Мушарраф койгон.

Майкл Гриффиндин айтышынча, Вашингтондо Кыяни жакынкы мезгилде Пакистандагы стабилдүүлүктүн жаңы факторуна айланышы ыктымал деп боолгошот:

- Бир жыл аралыгында Мушаррафтын саясый, атүгүл аскерий карьерасына болгон коркунучтан улам, Пакистанда 18-февралда болчу парламенттик шайлоодон кийин же ага чейин эле Кыяни АКШнын Пакистандагы саясатынын бекем таянычы катары тандалат сыяктуу. Чындап эле колун булгап алган Мушаррафка караганда Кыянини таза адам деп ойлойм.

1980-жылдардын аягында Беназир Бхутто премьер-министр кезде, анын аскерий кеңешчиси болгон Кыяны саясатка аралашпаган генералдардын бири саналат. Кыянинин пикиринде, саясый-социалдык, административдик жана аскерий стратегияны өз ара айкалыштырмайынча, Пакистанда тынчтык жана стабилдүүлүк бекем болбойт.

XS
SM
MD
LG