Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

ДУНГАНДАРДЫН КЫТАЙДАН КАЧЫП КЕЛГЕНИНЕ 130 ЖЫЛ БОЛДУ


Быйыл дунган элинин Кытайдан Борбор Азияга качып келгенине 130 жыл болду. 1877-жылы Кытайдын манчжур-цин бийлигинин кысымына чыдабаган дунгандардын бир бөлүгү Алатоого качып келүүгө аргасыз болгон. Ушул тапта Кыргызстанда 59 миңден ашуун дунган жашайт.

1862-1877-жылдардагы Кытайдагы манчжур-цин бийлигинин кысымына каршы дунган элинин көтөрүлүшү ырайымсыздык менен басылгандан кийин, 30 миңден ашуун дунган Борбор Азия тарапка карап качкан. Кыргызстандагы дунган диаспорасынын өкүлү Хусеин Дауровдун айтуусунда 30 миң ашуун адамдын үч миңден көбүрөөгү гана Кыргызстанга келип, отурукташкан:

-Ак мөңгүлүү Торугарт ашуусунан отуз миңден көп кишиден үч миң киши гана өткөн. 90 пайызынын сөөгү ак кар, көк музда кала берген. Бул биздин тарыхыбыздын өтө оор чындыгы. Бирок ушул окуяны кеңири маалымдаган бир дагы булак жок. Кыргызстандык филолог Амангелди Бекбалаевдин “Миң ли жол” деген тарыхый романы дунган элинин трагедиясын чагылдырган эмгек болуп саналат.

Хусеин Дауров белгилегендей окумуштуу, филолог Амангелди Бекбалаев “Миң ли жол же дунган эли жөнүндө баян” аттуу тарыхый романын жакында китеп кылып чыгарды. Анда 130 жыл мурунку кандуу окуя тууралуу баяндалган.

Учурда Кытайда дунгандар автономиялык республикага ээ, калкынын көптүгү жагынан өлкөдө үчүнчү орунда турат. Расмий маалыматтар боюнча Кытайдагы дунгандардын саны 10 млн дон ашуун. Хусеин Дауровдун айтуусунда азыр кытайлык дунгандардын укуктары жакшы сакталууда, мамлекеттик кызматтарда да дунган улутундагылар арбын:

-Аларга жогорку окуу жайларына тапшырууда жеңилдиктер берилет. Кытайдагы дунгандар эки-үч балалуу боло алышат. Мамлекеттин 1-вице-премьер министри дунган улутундагы киши. Мындан тышкары түрдүү мамлекеттик кызматтарда иштеген дунгандар көп,-дейт Хусеин Дауров.

Кыргызстандагы дунгандар да жашоосу жакшы экендигин, укуктары жакшы корголуп жаткандыгын гана белгилешет. 130 жыл мурун Кытайдын манчжур-цин бийлигинин кысымына чыдабай качып келген ата-бабаларын меймандостук менен кабыл алган кыргыз элине ыраазычылыктан башка айтары жок экендигин Бишкек гуманитардык университетинин доценти Мариям Мухарова билдирди:

-Кыргызстандагы дунгандар тагдырыбызга ыраазыбыз. Эч кандай нааразылыгыбыз жок. Окумуштуудан тартып, соодагерлик, дыйканчылык кылган дунгандардын баары бүгүн жакшы жашашат. Мамлекет башчыларына да биздин аз эл экенибизге карабай, колдоо көрсөтүп жатканына ыраазыбыз.

Учурда Кыргызстанда 59 миңден ашуун дунган жашайт. Тогуз орто мектепте дунган тили сабак катары окутулат. Союз мезгилинде мамлекеттик университеттин филология факультетинде дунган тили, адабияты боюнча кошумча адистик берүүчү бөлүм бар эле. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгону ал жоюлуп кеткен. Азыркы учурда билим берүү академиясынын алдында дунган тилин окутуучу мугалимдер үчүн атайын курстар ачылган. Мындан тышкары илимдердин улуттук академиясында дунган таануу бөлүмү бар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG