Ош облусунун Кара-Суу районунда жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты жер сатууга шектелген “жер мафиясынын” өкүлү катары кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 26-сентябрда Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө (РИИБ) Кара-Суу районунун 1984-жылы туулган С.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 2021-жылдын жаз мезгилинде Савай айыл аймагынын 1991-жылы туулган О.М. аттуу тургуну эки жер участогу үчүн 170 000 (жүз жетимиш миң) сом алып, тийиштүү документтерди “бүтүрүп беремин” деп алдап келгендигин билдирген.
Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлгөн.
Кара-Суу РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшү кызматы алып барган ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары О.М. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты экени аныкталды.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо максатында ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
Кыргызстанда мыйзамсыз ээленип кеткен жер тилкелерин трансформациялоо менен чогуу аларды сатып жиберген адамдардын тобу да улам-улам кармалып келет. Алардын ичинде ар бир облуста жер тилкелерди сатуу менен шугулданган топтор “жер мафиясы” деп аталып жүрөт. (ErN)
Шерине