Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

АКСЫ ОКУЯСЫНДА АМАНБЕК КАРЫПКУЛОВ БАШКЫ КҮНӨӨКӨРБҮ?


Башкы прокуратура Аксы окуясы боюнча президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкуловго айып такты. Анын үстүнөн 2002-жылы 17-18-мартта Аксы районунда тынч бараткан элге ок атылуусуна тиешеси бар деген айып менен кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жаткан. Аманбек Карыпкулов өзү болсо Аксы окуясында эч кандай айыбы жок экендигин айтып келе жатат.

2002-жылдын 17-18-мартында Аксы районунун Бозпиек жана Кербек айылдарында болгон кан төгүүгө күнөөлүү деген айып Башкы прокуратура тарабынан президенттик администрациянын ошол кездеги башчысы Аманбек Карыпкуловго тагылгандыгын “Азаттыкка” Аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков кабарлаган. Анын маалыматын Башкы прокуратуранын тергөөчүсү Мирбек Расулов да тастыктады.

Аксы аймагынан шайланып, кийинчерээк камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып, тынч жүрүш менен кетип бараткан элге карата ок чыгарууга Аманбек Карыпкуловдун түздөн-түз тиешеси болгон деген айыптоолор башынан эле айтылып келет. Аксылык жабырлануучулар 2002-жылдан тарта Аксы окуясына күнөөлүүлөрдүн анабашы катары Аманбек Карыпкулов жоопко тартылууга тийиш экендигин белгилеп, мурдагы бийликтен да муну бир нече жолу талап кылышкан. Алардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков “Азаттыкка” айткан сөзүндө 2002-жылдын 17-18-мартында болгон кан төгүүнүн башында президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкулов турган деп билдирди:

- Мен адвокат катары Аксы окуясына байланыштуу бардык иштер менен таанышып чыккандан кийин буга дагы ынандым: Карыпкуловдун тикелей-тике катышы бар. Бардык окуя баштан-аяк ушул кишинин колунан өткөн. Бул ошонун идеясы, а иш жүзүнө ашыргандар башкалар. Аксы окуясынын алдындагы элдин ичиндеги толкундоолордун баарын Карыпкуловго түздөн-түз кабарлап, жеткирип турган адамдар болгон.

2002-жылы 5-январда Аксыдан шайланган Азимбек Бекназаровдун камакка алынышы менен Аксы районунда кырдаал курчуп турган. Жалалабат облусунун ошол убактагы губернатору Султан Урманаев “Азаттыкка” айткан сөзүндө курчуп турган кырдаалды жөнгө салууга аракет кылгандыгын, бирок Бекназаровго байланышкан бардык иштерде президенттик администрациянын ошол кездеги башчысы Аманбек Карыпкулов тарабынан четке түртүлгөндүгүн айтат:

- Карыпкулов мени Бекназародун ишинен оолак кылууга аракет жасады. Мен ошол кездеги губернатор катары элди тынчытууга, эл менен сүйлөшүүгө аракет жасасам, “Сен бул ишке кийлигишпегин, ал жакта аким бар, биз иштеп жатабыз, буга тийишпегин” деп дайыма четтетип турбадыбы.

Ал эми Аксы районунун ошол кездеги акими Шермамат Осмонов коогалуу март күндөрү өзүнө Аманбек Карыпкулов тарабынан эч кандай көрсөтмө болгон эмес дейт:

- Мага Карыпкулов тарабынан эч кандай көрсөтмө болгон эмес. Карыпкулов мени менен сүйлөшкөн да эмес. Бир жолу гана сүйлөшүп, акыбалды сураганда мен ага абал оор экендигин айткам. Аксыдагы кырдаал тууралуу ал менден башка деле милиция, коопсуздук кызматы жана башка толтура булактар аркылуу билип, таанышып турган.

Аксыда кырдаал курчуп турган мезгилде президенттик администрациянын мурдагы башчысы жана Жалалабат облусунун ошол кездеги прокурору Зоотбек Кудайбергенов экс-президенттин үй-бүлөсүнүн ишенимдүү адамдары болушкан жана Аксы окуясында кан төгүлүүсүнө булардын түздөн-түз байланышы бар деген айыптоолор да айтылып келет. Зоотбек Кудайбергенов мындай айыптоолорду четке кагып, Аксы окуясына өзүнүн да, президенттик администрациянын мурунку жетекчисинин да тиешеси жоктугун “Азаттыкка” берген маегинде билдирген:

- Кайсы жерде облустун прокурору президенттик администрация менен иш алып барчу эле? Мен түздөн-түз Башкы прокурор менен иштешкем.

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкулов Аксы окуясына байланыштуу өткөрүлгөн Коопсуздук кеңешинде кызматынан четтетилип, кийинчерээк Түркияга элчилик кызматка жиберилген. Март ыңкылабынан кийин жаңы бийликтин тушунда элчилик кызматтан бошотулган. Аманбек Карыпкулов Аксы окуясына тиешеси жоктугун айрым маалымат каражаттары аркылуу байма-бай айтып келет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG