Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:04

ТАЛИПТЕР БАРЫМТАДАГЫ ЭКИ НЕМИСТИ ӨЛТҮРГӨНҮН МААЛЫМДАДЫ


Ооганстандан келген кабарга караганда, талиптер бүгүн барымтага алган эки немисти өлтүрүп салышты. Герман өкмөтү болсо бул кабарды көз каранды эмес булактар аркылуу тастыктоого азырынча мүмкүн болбогонун маалымдады. Ал эми Түштүк Корея бийлиги болсо талиптерден ушул бейшембиде (19-июлда) барымтага алынган корей атуулдарын тез арада бошотууну талап кылды.

Бүгүн (21-июлда) Ооганстандын расмий бийлигине каршы айыгыша күрөш жүргүзүп жаткан талиптер шаршембиден бери барымтада кармалып жаткан эки герман атуулун өлтүрүп салышканын маалымдашты.

Талиптердин басма сөз өкүлү Кары Мухаммад Йусуф Ахмади бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын” Ооган кызматына (“Эркин Ооганстан үналгысына”) төмөнкүчө билдирди:

- Мужайиттер Газна вилайетинде 18-июлда барымтага алган эки немис атуулу ушул убакытка чейин мужайиттердин колунда болчу. Талиптер герман жана ооган өкмөттөрүнө кайрылып, немис аскер күчтөрү Ооганстандан чыгып кетсин деп талап кылышкан. Ал эми Ооган өкмөтүнө туткундагы талиптерди бошотуу талабы коюлган. Эгерде алар бул талаптарды аткарган болсо, анда биз барымтадагыларды боштондукка чыгармак болчубуз. Бирок Герман өкмөтү Ооганстандан аскерин чыгарбай турганын билдирди. Ооган өкмөтү болсо жооп да берген жок.

Бүгүн Герман тышкы иштер министрлиги эки немис атуулунун өлтүрүлгөндүгү тууралуу кабарды көз каранды эмес булактар аркылуу тастыктоого мүмкүн болбогондугун, бирок Йусуф Ахмадинин билдирүүсүн өтө кабатырлануу менен кабыл алганын билдирди.

Бирок эки немистин бири дагы эле тирүү экендиги тууралуу да кабар айтылууда. Ооганстан бийлиги ишембиде дал ушундай маалымат таркатты.

Өлтүрүлдү деп кабарланган бул эки немис атуулу 18-июлда Газна аймагында талиптер тарабынан барымтага алынган.

Ошол күнү алардан тышкары беш ооган атуулу түштүктөгү Вардак вилайетинде барымталанган. Бул беш ооган аймакта дамба курулушунда иштеп жаткан.

Үстүбүздөгү аптанын бейшембисинде (19-июлда) талиптер Түштүк Кореядан дарыгердик жардам көрсөтүү үчүн ыктыярдуу келген 20дай христиан миссионерин да Газна вилайетинде барымтага алды. Алар Кандагардан Кабулга жол тарткан жүргүнчү автобуста бараткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Ооганстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Султан Ахмад Бахин колго түшкөн корейлер талиптер барымтага алган эң ири чет элдиктер тобу экенин бүгүн “Азаттыкка” тастыктады:

- Биздин Кореядагы элчилигибиз Түштүк Кореядагы бейөкмөт уюм болгон “Дүйнөлүк жардам корунун” өтүнүчүнө ылайык 20 корей атуулуна виза берген. Алардын 13ү аял, 7си эркек болчу. Алар Кандагар вилайетинде 200 орундуу ооруканага жардам көрсөтүү үчүн келген.

Түштүк Корея өкмөтү талиптерге барымтадагы корейлерди тез арада бошотуу талабы менен кайрылды. Түштүк Корея президенти Но Му Хен барымтадагы корейлер оогандарга медициналык көмөк көрсөтүү үчүн ыктыярдуу түрдө Ооганстанга келгенин белгилеп, бул күнөөсүз карапайым кишилерди тез арада бошотуу зарылдыгын айтты.

Бул корей ыктыярдууларынын тобу 13-июлда Ооганстанга келген жана 23-июлда атажуртуна кайтууга тийиш болчу.

Түштүк Корея өзүнүн Ооганстандагы аскерин үстүбүздөгү жылдын соңунда чыгарып кетээрин бир аз мурдараак маалымдаган болчу.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG